Тагаев Рашид Бакирович 1958-жылдын 21-августунда Жалал-Абад областынын Октябрь айылында туулган. Кыргыз Мамлекеттик университинин педагогикалык факультетин, кийинчерээк юридикалык факультетин бүтүргөн.

Тагаев Рашид Бакирович
Тагаев Рашид Бакирович
«Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын Ош жана Баткен облустарындагы филиалынын директору
 
Туулган жылы: 21 Август 1958 жылы
Туулган жери: Октябрь айылы,Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССР
Билими: Кыргыз Улуттук Университети
СССРдин Ички иштер министрлигинин мектеби
Кесиби: Коомдук жана саясий ишмер

Эмгек жолу түзөтүү

  • 1981-1982 – Жалал-Абаддагы М.Фрунзе атындагы №3 орто мектептин мугалими;
  • 1982-1984 – Жалал-Абад консерва заводунун пландаштыруу бөлүмүнүн ага экономисти, ошол эле бөлүмдүн жетекчиси;
  • 1984-1985 – Кыргыз ССРнин Тамак-аш өнөр жайы министрлигинин ага инженери;
  • 1985-1990 – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин социалдык менчикти уурдоого жана алып сатарлыкка каршы бөлүмүнүн кызматкери; Кара-Суу РИИБинин башчысы, Жалал-Абад ОИИБинин оперативдик жумуш боюнча башчысынын орун басары;
  • 1990-1995 - Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы;
  • 1997-1999 – Талас ОИИБинин башчысы;
  • 1999-2003 – Ош ОИИБинин башчысы;
  • 2003-2005 – Жалал-Абад ОИИБинин башчысы;
  • 2005-2006 – КРнын Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук Кеңешинин мүчөсү;
  • 2005-2007 – Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, 2006 - ЖКнын коррупцияга каршы күрөш жана мыйзам тартиби комитетинин башчысы;
  • 2007-2010 – Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, 2009 – Коргоо, коопсуздук, мыйзам тартиби жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин башчысы;
  • 2016-2020 – 2016-жылдан бери "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын Ош жана Баткен облустарындагы филиалынын директору [1].

Кошумча маалымат түзөтүү

Рашид Тагаев милициянын генерал-майору. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, үч кыз жана бир уулдун атасы.

2020-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өз талапкерлигин көрсөткөнү тууралуу БШКга арыз берген.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Калып:Внешние ссылки нежелательны

  1. Рассекреченная Киргизия (ru), «Sputnik Кыргызстан» (10 -ноябрь (жетинин айы) 2020).