Портал:Кыргызстан
Башка порталдар • География • Тарых • Инсандар • Дин • Спорт • Техника • Биология • Кесип • Философия
Кыргызстан (англ. Kyrgyzstan, Kyrgyz Republic) – Орто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк –чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Борбор шаары - Бишкек. Калкынын саны - 5 540 001 адам (111-орунда, дүйнөдө), аянты — 198 500 км². Мамлекеттик улуттук тили — кыргыз, расмий тили - орус. Акча бирдиги — сом (KGS). Салам курбум, Сиз Кыргызстан Порталына төмөндө көрсөтүлгөн макалаларды толуктап жазуу менен, порталдын өгүгүшүнө өз салымыңызды кошо аласыз! Бишкек шаарынын аймактары тууралуу долбоорго жардам бере аласыз Гимн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 18-декабрь 1992-жылы бекитилген.
Курманджан Датка (1811-1907) Ош шаарынын жанындагы Ороке кыштагында туулган. Коомдук жана мамлекеттик ишмер. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин Үчташ жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, үч жыл чамасында башы бош олтуруп калат. 1832-жылы Курманжан 21 жашында баргы уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап, беш балалуу болгон. Алымбек датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. Көп жылдар бою Алымбек датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы жана насаатчысы болгон. Алымбек датка ордодо, Кашкарда саясий маселелер менен алектенип жүргөн мезгилдерде анын милдетин да кошо аркалаган. Ошол кезде эле Курманжан айымдын атагы Кокон хандыгы эле эмес, коңшу Бухара эмирлигине, атүгүл алыскы Россия серепчилерине да дайын болгон. 1862-жылы Кокон хан сарайындагы козголоңчулар тарабынан Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин Алайдагы башкарууну Курманжан биротоло өз колуна алган. Ошол эле жылы Бухара эмири Сейит Музаффар Эддин Алай тараптагы кыргыздардан Кокон хандыгына таяныч издөө максаты менен Ошко чейин аскерлери менен келген.
|