Реактивдүү отун - авиациялык реактивдүү кыймылдаткычта күйүүчү суюктук.

Реактивдүү отун катары нефтиден алынган керосин фракциялары көп колдонулат. Жогорку термдик туруктуу отундарды ажыратып алуу үчүн адегенде кайра буулантуунун фракциялары тазартылат. Реактивдүү отундун маанилүү көрсөткүчү - күйүү жылуулугу жана тыгыздыгы. Реактивдүү отун термдик жактан туруктуу болуу керек. Себеби үндөн ылдам учуучу самолёттордо бактагы отун 150-200°Сге чейин ысышы мүмкүн.

Реактивдүү отундун термдик туруктуулугун жогорулатуу үчүн аралашмалардан (азоттуу, күкүрттүү, кычкылтектүү бирикмелерден) тазартылат (мисалы, суутек менен) жана атайын заттар кошулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.