Реакция (саясий) - мурда болуп өткөн же азыркы коомдук түзүлүшкө катуу карама-каршы багыттагы кыймыл.

Реакция деп ошондой эле болуп жаткан тартиптерди сактоо жана бекемдоо кыймьшы жана ар кайсы революциялык же оппозицияпык күчтөрдү басуу аталат. Реакция менен дайыма либералдык же радикалдык агымдар эмес, эц эле консервативдүү агымдар гана (көбүнчө диний-фундаменталдык, клерикалык, феодалдык, монархиялык ж.б.у.с.) белгиленет, алар көптөн бери эскирип калган коомдук институттарды (кулчулук, крепостук укук, инквизиция, мамлекеттин үстүнөн чиркөөнүн басым кылуусу, жашыруун сот, элдик элементтердин катышуусусуз сот, адабияттын, искусствонун жана массалык маалымат каражаттарынын үстүнөн цензура формасындагы өкмөттүн камкордугу, атайын кызматтардын кысым көрсөтүүсү ж.б.) калыбына келтирүүгө умтулушат.

Реакция сөзсүз түрдө эле мурункулар жакты көздөй эле кыймыл болбойт; ал жөн гана ото консервативдүү кыймыл болушу мүмкүн. Өкмөттүн Реакциялык ишмердүүлүгү дайыма коомдогу реакциялык маанайдын чагылышуусу болот, мындай учурларда бул маанай адабияттагы басыдуулук кылуучу агым менен билдирилет (Франциядагы өзгөчө белгилүү Реакциялык адабият - Шатобриан ж.б). Типтүү Реакциялык партиялар - Франциядагы монархисттер болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү