Ревмокардитревматизмден жүрөктүн сезгенип жабыркашы.
Мында жүрөктүн ички (эндокардит), булчуң (миокардит) жана сырткы (перикардит) катмарлары сезгенет. Ревмокардитте туташтырма ткандар сезгенип, экссудаттык (суу толуу) көрүнүштөр байкалат. Ал организмде көбүнчө бадам сымал безде стрептококк инфекциясынын (көбүнчө ангина) таасиринен организмдин өтө сезгичтигинин (Аллергия) натыйжасында пайда болот.

Ревмокардиттин белгилери түзөтүү

Ревмокардиттин белгилери: дем кыстыгуу, эт ысуу, жүрөктүн тез кагуусу, жүрөк туштун оорусу жана башкалар Ал күчөп кеткенде жүрөк клапандарынын кемтиги, жүрөк булчуңдарынын склерозу (катуулануу) пайда болот. Ревмокардитти айыктырууда кызыл жүгүрүктү дарылоо жүргүзүлөт (Ревматизм).

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8