Хелимская Регина Израилевна (2-июнь, 1947-жыл – 1-сентябрь, 2020-жыл) — журналист, кино жана теле сынчы, Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун жана кинематографисттер союзунун мүчөсү. «Советтик Кыргызстан» — «Слово Кыргызстана» гезитинде көп жылдар бою иштеген. Ал теле маалымат, даректүү тасмалар, улуттар аралык мамилелер боюнча макалалардын жана китептердин автору болгон. Анын негизги темасы Кыргызстанда жана бөлөк өлкөлөрүндө сталинизмдин кылмыштарын ашкерелөө болчу.

"Тайна Чон-Таша" түзөтүү

Анын «Тайна Чон-Таша» аттуу  китеби 1994-жылы Бишкектеги «Илим» басмасынан жарык көргөн. Бул 1938-жылы ноябрда өлүм жазасына тартылган 137 репрессиянын курмандары тууралуу тарыхый иликтөө китеби. Алардын сөөгү Чоң-Таштагы НКВДнын дачасындагы бош крипич мешине ыргытылган. 1991-жылы 23-августта алардын сөөгү жерге берилген.

1938-жылдын 5-8-ноябрында Чоң-Таштагы ырайымсыз кыйноолордон кийин сталиндик зулумдун курмандыгы болгон 19 улуттун 137 адамы жалган айып менен өлүм жазасына кесилген. Алардын арасында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Айтматов,Төрөкул Баялы Исакеев, Султанкул Шамурзин, Эсенаманов Эркинбек бар.

Ал ошондой эле 1930-жылдары адамдар суракка алынып, атылган жердин жанына кара таш орнотууну талап кылган. Азыр ал жерде Кыргызстан элдеринин ассоциациясы жана китеп дүкөнү жайгашкан.

Китептери жана макалалары түзөтүү

Хелимская, Регина Израилевна. Тайна Чон-Таша / Регина Хелимская. - Бишкек : Илим, 1994. - 144 с. : ил., карты, портр., факс.; 20 см.; ISBN 5-8355-0805-0

Хелимская, Регина Израилевна. ... И общее объять, и человека: Очерки развития телевидения и кинематографа Киргизии70-начала 80-хгоддов. - Ф.:Кыргызстан, 1984. -111 с.

Хелимская, Регина Израилевна.Телевизионная информация: Учебно метод.пособие по спецкурсу: "Теория и практика телевизионной журналистики". - Ф.: 1983. - 40 с.

Регина Хелимская. Больше трёх не собираться! Эсимде, 9 декабря, 2017

Регина Хелимская. Осуждая массовый террор, или Память на каникулах. 24.kg, 06 ноября 2009

Булактар түзөтүү

Сталиндик репрессиянын бетин ачкан журналист Регина Хелимская эскерилди. Азаттык, 23-Сентябрь, 2020

Замира Кожобаева. «Ата-Бейит» тууралуу жазган Регинанын керээзи. Азаттык, 23-Сентябрь, 2020

Александр Тузов.  Скончалась "главная антисталинистка Кыргызстана" журналист Регина Хелимская. Вечерний Бишкек, 01 сентября 2020 [1]

Максим Блюм.На историческом форуме в "Ата-Бейите" призвали не забывать о сталинских репрессиях. kaktus.media, 24 сентября 2020

В Бишкеке осквернен памятник репрессированным. Вечерний Бишкек, 23 августа 2013