Резервдөө (Камдоо) (англ. backup, орус. резервирование / резервное копирование) - Маанилүү програмдар жана берилиштердин көчүрмөсүн алуу процесси, б.а. файлдардын көчүрмөлөрүн алуу резервдөө деп аталат. Резервдөө бардык берилиштер жана маанилүү програмдар үчүн дайыма аткарылып туруш керек. Флоппи диск үчүн резервдөө аткарылганда бир диск экинчи дискке көчүрүлөт. Катуу дискти резервдөөдө демейде катриж дисктери, CD же кассет тасмалары колдонулат.

Систем иштен чыгып калганда аткарылуучу иш-аракеттер тартиби маанилүү маалыматтарды жана програмдык файлдарды сактоо максатында көчүрүүнүн регулярдуу планын аныктайт. Систем иштен чыгып же файл бузулуп калса резервдик көчүрмөлөр файлдарды калыбына келтирүүдө пайдаланылат. Резервдик көчүрмөлөр демейде өрттөнбөгөн сейфтерде жана кампаларда же башка имаратта сакталат. Башка имаратта сактоо өрт сыяктуу кырсыктар берилиштердин негизги жана резерв көчүрмөлөрүнүн экөөнү тең жоготуп албоо максатында уюшулат. Резервдөө програмдык жабдыгын көчүрүү процессин текшерет жана кошумча кассеттик диск же тасма керек болгон учурда даярданууга мүмкүндүк берет.

Максаты түзөтүү

Резервдөө системасына коюлган талаптар түзөтүү

Түрлөрү түзөтүү

Резервдик көчүрмөлөрдү сактоо түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү