Рекомбинация (лат. re - кайтадан башталуу, кайталангыч; combinatio - бириктирүү) - эволюциялык кайрадан курулууларда абдан маанилүү, тирүү организмдердин тукум куума комбинативдик өзгөргүчтүгүнө алып келүүчү, муундарда ата-эненин генетикалык материалынын кайрадан бөлүштүрүлүшү. Вирустардан татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр жана жаныбарларга чейинки бардык тирүү системаларга мүнөздүү ар тараптуу биологиялык механизм. Р. эукариоттордо жыныс процесси, прокариоттордо конъюгация (сырткы көрүнүштөрү боюнча бири-биринен айырмаланышпаган эки вегетативдик клетканын протопласттарынын кошулушу), трансформация , трансдукция, ал эми вирустарда - биргелешкен инфекция аркылуу жүзөгө ашат. Р. мейоздо гомол. хромосомалардын туш-тушка ажырашынын натыйжасында же ДНКнын молекулаларынын өз ара аракеттенишинде жүрөт. Молекулаларынын өз ара аракеттенишинин натыйжасында ДНКнын бөлүктөрү бир молекуладан экинчи молекулага өтөт. Мындай өтүү бир тараптуу (реципроктук эмес Р.) жана эки тараптуу (реципроктук Р.) болушу мүмкүн. Митоз жолу менен бөлүнүүчү клеткаларда, мейозго караганда Р-лардын жыштыгы төмөн болсо дагы, дене ж-а жыныс клеткаларында да байкалган.

хромосомалардын рекомбинация.
Рекомбинация.

Р-ларды үч типке бөлүшөт: жалпы, "жөнү жок" (незаконный) жана сайт - спецификалык. Жалпы Р. же кроссинговер - бүт геном боюнча жүрүүчү ДНКнын гомол. ырааттуулуктарынын ортосундагы алмашуу. Бул диплоиддик жана мерозиготтуу (бирден же экиден бириккен клеткалардан же гаметалардан туруучу геномдун бөлүгү) клеткаларда ДНКнын гомол. бөлүктөрүнүн үзүлүү жана кайрадан туташуу процесстеринин эсебинен жүзөгө ашат. Мында ар түрдүү Р-ланган ДНКнын молекулаларынын жипчелеринен, алардын комплементардуулугунун негизинде пайда болуучу ири өлчөмдөгү (1000 жуп нуклеотиддерге жакын) гибриддик молекулалар калыптанышат. Сайт - спецификалык рекомбинациялар 10-20 нуклеотиддерден туруучу геномдун катуу чектелген бөлүгүндө - сайтта өтөт. Генет. материалдын структуралык кайра курулууларына (транслокациялар, инверсиялар, делециялар жана башка) алып келүүчү ДНКнын гомол. эмес молекулаларынын өз ара аракеттенишүүлөрү "жөнү жок" Р. деп аталат. Р-нын негизинде мисалы, гендердин тигил же бул чиркелишүү топторуна таандык экендигин, чиркелишүү группаларындагы гендердин жайгашуу тартибин чагылдыруучу генетикалык карталарды курушат, фенотипке бирдей чыгуучу мутациялардын аллелдүүлүгүн аныкташат. Максатка ылайык Р-лык (гибриддик) ДНКны алуу генетикалык инженериянын негизин түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү