Реуцкая Аграфена Павловна

Реуцкая Аграфена Павловна (1918, азыркы Чүй областы, Ысык-Ата району, Юрьевка айылы – өлгөн жылы белгисиз) – саанчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. Эмгек жолун 1936-жылы «Красное поле» колхозунда иштөө менен баштаган. 1951–60-жылдары Кемин районундагы Ильич атындагы асыл тукум мал өстүрүү чарбасында, 1960-жылдан Чүй районундагы Жданов атындагы колхоздо саанчы болуп иштеген. Ал 1954–56-жылдары ар бир уйдан жылына 5048–6008 кгдан сүт саап алган. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 17 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.