Реформация (латынча reformation – өзгөртүү, кайра куруу, ондоо) – 16-кылымда Батыш жана Борбордук Европа өлкөлөрүндө кеңири жайылган коомдук кыймыл; негизинен феодалдык түзүлүштүн башкы идеологиялык таянычы болгон католик чиркөөсүнө каршы күрөшкөн. Феодалдык мамилелердин жикке бөлүнүшү, жаңы капиталисттик элементтердин пайда болушу, социалдык карама-каршылыктардын курчушу реформациянын чыгышына себеп болгон. Реформация идеялык жактан Кайра жаралуу доорунда даярдалып, анын маанилүү булагын орто кылымдагы ерестер (чиркөөнүн диний окуусунан четтеген агым) түзгөн. Реформациянын идеологдору католик чиркөөсүнүн, анын иерархиясы менен жалпы эле дин кызматчыларынын зарылдыгы жок деп эсептешкен. Реформация кыймылына католик чиркөөсүн ар түрдүү көз карашта сындаган таптар жана социалдык топтор катышкан. Реформациянын негизги багыттары: бюргердик-буржуазиялык (М. Лютер, У. Цвингли, Ж. Кальвин), бул багыт татаал чиркөөлүк шатыны, ыйыктарды, көп диний майрамдарды жоюуну, буржуазиянын мүдөөсүн жактаган «арзан чиркөөнү» талап кылган; элдик багыт (Т. Мюнцер) католик чиркөөлөрүн жоюу, феодалдык эзүүнү жок кылуу, социалдык теңдикти көздөгөн; королдук княздык багыт өз бийлигин чыңдоо жана чиркөөнүн жер байлыгын тартып алууну көздөгөн ак сөөк феодалдардын мүдөөсүн жактаган. Көп өлкөдө реформация кыймылы ири таптык салгылаштарга айланган. Реформация жеңген өлкөлөрдө жаңы протестанттык чиркөөлөр уюштурулуп, Батыш жана Түндүк Европада католицизмдин ролу начарлаган.

У. Цвингли (~ 1531).

Колдонулган адабияттар

түзөтүү