Роанок
Роанок (англ. Roanoke) – АКШнын чыгышындагы дарыя. Узундугу 725 км, алабынын аянты 25 миң км2дей. Башаты Көгүлтүр-Тоо кырка тоосунун батыш капталдарынан (Аппалачи тоо тармагы) башталат. Пидмонт платосу жана Атлантика бою ойдуңу аркылуу агып, Атлантика океанынын Албемарл булуңуна куят. Орточо чыгымы 230 м3/секдай. ГЭС курулган. Төмөнкү агымында кеме жүрөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9