Роллдор

Жапон ашканасындагы ар түрдүү сушинин бири

Роллдор (дагы бир аталышы макидзуси б.а суши-рулетти) , жап. 巻き寿司 , кор. 김밥кимпаб) — Роллдор – бул жапон ашканасынын тамагы. Жапонияда маки же макидзуси деп аташат. Кыргыз тилине которгондо оролгон дегенди түшүндүрөт

Роллдор
жап. 巻き寿司
кор. 김밥
Тамактын улуттук ашканасы:

Жапон ашканасы

Пайда болгон өлкөсү

Жапония

Курамы
Негизги курамы:

Балырлар и күрүч

Maki zushi
Ар түрдүү роллдор
Роллдорду даярдоо

Тарыхы түзөтүү

1970-жылдары Лос-Анжелестеги «Токио» ресторанынын башкы ашпозчусу, суши жасоочу Итиро Маситой америкалыктарды өзгөчө тамак менен таӊ калтырыш үчүн сушинин жаӊыча түрүн, роллдорду ойлоп тапкан. Ошондон улам жапондорго караганда америкалыктарга тааныш «Калифорния», «Филадельфия» аталышындагы роллдорду кезиктирүүгө болот.

Медицинада түзөтүү

Бул тамактын жардамы менен аз убакытта арыктоого болот. Анткени роллдордун калориясы өтө аз. Майлуулугу аз болгону менен, йод көп. Мисалы, норинин курамында йод көп. Мындан сырткары ар түрдүү витаминдер, микроэлементтер бар. Окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда, роллдорду көп жеген адам өпкө рагына кабылбайт.

Жасоо ыкмасы түзөтүү

  • Күрүчтү таза жууп, суусун толук сарыктырабыз. Андан соӊ мискейге салып, үстүнө сууну куюп отко коёбуз. Кайнап чыкканда отту азайтып, 10 мүнөттөй демдейбиз. Оттон чыгарган соӊ мискейдин капкагын ачпай дагы 10 мүнөт коё турабыз. Күрүч уксусун жылытып, ага туз, кумшекер кошуп аралаштырабыз да, күрүчтүн үстүнө куябыз.
  • Жумурткага майонезди кошуп жакшылап чалабыз да, мындан алакандай блинчиктерди бышырып алабыз.
  • 1 норини төрт бөлүккө бөлүп, ар бир бөлүгүнүн үстүнө бирден блинчик жана тоголоктолгон күрүчтү коёбуз. Колуӊузду суулап алсаӊыз, күрүч жакшы тоголоктолот.
  • Алаканга целлофан баштыкты жайып, үстүнө роллдорду коюп, тоголок формага келтирип 5 мүнөттөй кармап туруу шарт. Норинин четин бир аз суулайбыз.
  • Целлофанды роллдордон акырын сыйрып, өйдө жагын сүрөттөгүдөй кесебиз. Кесилген жерди сыртты көздөй кайрып, ортосуна кызыл икра себелейбиз

Дагы караңыз түзөтүү