Романовдор – 1613-жылдан 1917-жылдын февралына чейин Россияны бийлеген падышалар жана императорлор династиясы. Литваны жердеген байыркы бояр тукумунан чыккан. Алардын түпкү теги Андрей Иванович Кобыладан (1350–51) башталат. Романовдор деп бояр Роман Юрьевичтин атынан аталган (16-кылымдын 2-жарымы). 1613-ж. Земский собор патриарх Филореттин 16 жашар баласы Михаил Романовду падыша кылып шайлаган. Романовдор династиясы (1721-жылдан император аталышкан); Михаил Фёдорович (1613–45), Алексей Михайлович (1645–76), Фёдор Алексеевич (1676–82), Петр I Алексеевич (1682–1725), Екатерина I (Пётр 1нин аялы; 1725–27), Пётр II (Пётр 1нин небереси, 1727–30), Анна Ивановна (Иван V Алексеевичтин кызы; 1730–40), Иван VI Антонович (Иван V Алексеевичтин чөбүрөсү; 1740–41), Елизавета Петровна (Пётр I-нин кызы; 1741–62). Романовдордун түз тукуму ушул Елизавета Петровнанын өлүмүнөн кийин үзүлгөн. Императордук такты Пётр I-нин кызы 4-кызы А́нна Петро́вна (герцогиня Гольштейн-Готторпская) менен Гольштейн герцогствосунун герцогу Карл Фридрих Гольштейн-Готторпскийден туулган Карл Петер Ульрих Гольштейн-Готторпскийге (Пётр III) тийиши менен (1762) Гольштейн-Готторп-Романовдор династиясы болуп аталып калган. Екатерина II (Пётр IIIнүн аялы; 1762–96), Павел I (Пётр IIIнүн баласы; 1796–1801), Александр I (Павел Iнин баласы; 1801–25), Николай I (Павел Iнин баласы; 1825–55), Александр II (Николай Iнин баласы; 1855–81), Александр III (Александр IIнин баласы; 1881–94), Николай II (Александр III нүн баласы; 1894–1917). Романовдор династиясы Февраль революциясынын натыйжасында кулаган. 1917-ж. 2(15)-мартта Николай II тактыдан баш тарткан. 1918-ж. 17-июлда Екатеринбургда Николай II үй-бүлөсү менен атылган.2010-жылга карай Романовдордун (негизинен Николай Iнин 4 баласынан)13 эркек тукуму бар деп эсептелет

Колдонулган адабияттар түзөтүү