Рудалуу область - ири тектоникалык түзүлүштөрдө (антиклинорий, синклинории, ортонку массивдер, щит, синеклиза, терен жаракалар ж. б.) жайгашкан, генезиси бирдей (же окшош) бир же бир нече руда кендери бар жер катмарынын бир бөлүгү.


Бир нече рудалуу область биригип, рудалуу провинцияны түзөт. Рудалуу область бүктөлүү аймактардагы тектоникалык жаракалар менен байланышта болуп, узунунан созулуп жаткан руда кырчоосун түзөт. Мындай руда кырчоосунун уз. ондогон кмден миңдеген кмге, туурасы бир нече клден жүздөгөн кмге созулат.

Эгер Рудалуу область кабат түрүндө, үзгүлтүксүз (бүтүндөй) бир аймакты ээлеп жатса, анда ал руда бассейни деп аталат (мисалы, Кривой Рог темир рудалуу бассейна).

Рудалуу область жана кырчоолор кендеринин белгилуу бир мезгилде пайда болушуна, геол. түзүлүшунүн озгочолугүнө, тектоникалык процесстерине, ж. б. карай рудалуу райондорго, рудалуу талааларга жана рудалуу зоналарга бөлүнөт.

Геол. жана географиялык тузулушу боюнча айырмаланган аймактагы, тигил же бул руда формациясында бирдей геол. жана хим.-физ. шарттарда пайда болгон, составы боюнча бир бирине жакын руда кендеринин топтолгон жери рудалуу район деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.