РудникКен ташты, курулуш материалдарын, хим.-тоо-кен сырьёлорун ж. б. кен байлыктарды жер астынан казып чыгаруучу тоо-кен өнөр жай ишнканасы.

Ал жер бетиндеги курулмалары менен кошумча цехтери (талкалап-элегич, байытуу фабрикасы, электрмех., ремонттук ж. б.) жалпы болуп, өзүнө ачылган жана айрым иштетилүүчү казмасы бар өз алдынча иштөөчү бир нече шахтаны ичине алышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.