Руза – Москва облусундагы дарыя. Москва дарыясынын сол куймасы. Узундугу 145 км, алабынын аянты 1990 км2. Смоленск-Москва дөңсөөсү аркылуу агып өтөт. Руза шаары туштагы орточо чыгымы 13,1 м3/сек. Рузада жана анын куймасы Озернада суу сактагычтар курулган. Рузанын алабындагы Вазуза суу сактагычынан Москва шаарын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу үчүн насос аркылуу суу алынат.

Руза
Мүнөздөмө
Узундугу 145 км
бассейндин аянты 1 990 км²
Суу чыгымы 13,1 м³/с
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
ОМСР 09010101112110000023201

Колдонулган адабияттар түзөтүү