Руслан Акун
Руслан Акун (30-ноябрь 1984, Фрунзе, Кыргыз ССР) — кыргызстандык кинорежиссёр, сценарист, продюсер.
Руслан Акун
| |
Руслан Акун Сеулдагы эл аралык драма сыйлыгында | |
Туулган датасы: |
30 -ноябрь 1984 (39 жаш) |
---|---|
Туулган жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: | |
Карьерасы: |
2009 — азыркы учур |
IMDb: |
Өмүр баяны
түзөтүүРуслан Акун 1984-жылы 30-ноябрьда Фрунзе шаарында туулган. Киного болгон кызыгуусу бала кезинен эле артып баштаган. Сегизинчи классынан сценарий жазып, кагазга сүрөт тартып анимация жазганга аракет кыла баштаган.
2002-жылы Нарын шаарындагы Макен Сыдыков атындагы орто мектебин бүтүргөн. Ишеналы Арабаев атындагы КМУга экономика факультетине тапшырган, бирок окуусун экинчи курсунда таштап салган. Кайрадан БААУга массалык байланыштар факультетине тапшырган.
2009-жылы жогорку окуусун бүтүргөн соң, Кинематографияны өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган кинематограф курстарын окуган. Ошол эле жылы алгачкы документалдуу тасмаларын тартып баштаган.
2011-жылы Руслан «Бишкек, мен сени сүйөм» тасмасын тарткан.[1]
2012-жылы АКШда жаңы тасма тартып жатканын билдирген. Кийинки 2013-жылдын башында «Салам, Нью-Йорк» аттуу романтикалык комедиясы жарыкка чыккан.
2014-жылы Түштүк Калифорния Университенинин алдындагы Киномектепке тапшырган. Ушул жылдын аягында Руслан Акундун «Сүйүктүүмдүн каарманы» тасмасы чыккан.
2017-жылы 9-февральда «Апамды издеп» көркөм тасмасынын бет ачаары болуп өткөн.
2018-жылы «Көк-бөрү» тасмасы тартылган.
Тасмаграфиясы
түзөтүүТолукметраждуу тасмалары
түзөтүү- 2011 — Бишкек, мен сени сүйөм
- 2013 — Салам, Нью-Йорк
- 2014 — Сүйүктүүмдүн каарманы
- 2017 — Апамды издеп
- 2018 — Көк-бөрү
- 2019 — Апамды издеп 2
- 2021 — Эки баатыр