«Апамды издеп» (орус. В поисках мамы, англ. Finding Mother) — Режиссёр Руслан Акундун көркөм тасмасы.Тасманын бет ачаары: Кыргызстанда 9-февраль, 2017 , Казакстанда 16-февраль, 2017, АКШда — апрель 2017

Апамды издеп
В поисках мамы

«Апамды издеп» тасмасынын постери
Урааны

кырг. Достук жолду көргөзөт / орус. Дружба укажет путь

Жанры

Социалдык драма, Комедия

Режиссёру

Руслан Акун

Продюсери

Майкл Арк , Эдгар Певснер , Нурбек Айбашов (атк.)

Башкы ролдордо

Азамат Уланов
Тауекел Мусилим
Майкл Мапонго

Оператору

Егор Поволоцкий

Узактыгы

89 мүнөт

Өлкө

 Кыргызстан  Казакстан  АКШ

Тили

Орусча

Жылы

2017

Кийинки тасма

Апамды издеп 2

IMDb

ID 6087632

Башкы каармандардын образында: Азамат Уланов, Тауекел Мусилим, Майкл Мапонго.Жана ошондой эле анда кыргыз актёрлорунан Марат Козукеев, Жеңишбек Майрамбек уулу

Мазмуну түзөтүү

Баш каарман, балдар үйүнүн тарбиялануучусу, он эки жаштагы Азаматтын тагдыры жетим балдардын типтүү тагдырына көп окшой бербейт. Антистандарт ойлонгон, антистандарт жашаган, антистандарт жөндөмдөргө ээ антистандарт баланын антистандарт окуясы... Комедия менен драматизм, социалисттик лагерден бошонсо да аң-сезими социализмде кала берген жетекчилер... Укмуш эске ээ Азамат апасынын элесин такыр эстей албайт. Азаматты балдар үйүнүн алдына таштап кеткен адам “Баланын апасы Америкада” деген жазуу калтырган болот.Өзгөчө эс тутумга ээ, акылдуу баланын апасын издөө кыялы көрсөтүлөт. Бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөргөн каарман бир күнү Голливудга апасын издеп сапарга аттанат. Бейтааныш эл, бөтөн жерге эч бир таанышы жок барган кичинекей каарманды тагдырдын түрдүү сыноосу, күтүлбөгөн окуялар жана америкалык жашоочулар менен кызыктар күтүп турган болот.Ошол бир сүйлөмдү илинчек кылып, айла амал менен амрикага барып калат.Жашоодо эмне маанилүү, акчабы же ата-эне, достукпу, мына ушундай жана башка идеяларды камтыйт.

Каармандарда түзөтүү

Актёр Роль
Азамат Уланов Аза (Азамат)
Тауекел Мусилим Dan
Майкл Мапонго TJ
Эдгар Певснер Dominic
Ник Принсип Bratis
Майкл Арк Nash
V.K. Lynne Лора
Илья Волох Uncle Borya
Жеңиш Жунусов Маңкурт
Бакыт Осмонканов Shady Gambler

Тасманын тартылышы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү