Руслан Курманалиев

Кыргызстандык актёр

Руслан КурманалиевКыргызстандык актёр жана тамада. «Жайсаң» театрында, “Тунгуч” театрында, Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар жана балдар театрында эмгектенген.

Руслан Курманалиев
Төрөлгөндөгү ысымы:

Курманалиев Руслан Сейитбекович

Туулган датасы:

25 -февраль 1972(1972-02-25) (52 жаш)

Туулган жери:

Пионер, Ак-Талаа району, Нарын облусу , Кыргыз ССРи

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Кесиби:

актёр

Карьерасы:

1992 — азыркы учурда

Сыйлыктары:

Болот Бейшеналиев атындагы республикалык сыйлыктын ээси

Өмүр баяны түзөтүү

Бала кезинен эле музыкага, оюн-зоокко дилгир Руслан 1987-жылы 8-классты аяктагандан кийин, дароо эле Фрунзе шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын альт-комуз боюнча бөлүмүнө тапшырып, 1990-жылы бүтүрөт.
Музыкалык окуу жайын аяктаар замат эле ал Советтик Армияга кызмат өтөөөгө жөнөйт (1990-1992).
Русландын артист катары алгачкы эмгек жолу 1992-жылы Ж.Кулмамбетов уюштурган жана жетектеген “Жайсаң” театрында башталып, чыгармачылык тушоосу, азыркы кыргыз театрынын таланттуу артисттери Айсалкын Кыйыкбаева, Назым Мендебаиров ж.б. менен бирдикте ушул коллективде кыйылат. Бул театрда ал, курбалдаштары менен бир жарым жылдан ашык артист болуп иштейт. (1992-1994).
Ошол эле учурда ал 1993–жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театр окуу жайында окуй баштайт да, аны 1996-жылы бүтүрүп чыгат.
Бирок 1995- жылы эле Асылбек Өзүбеков анын жөндөмүн жактырып “Туңгуч” театрына иштөөгө чакырат.
“Туңгучта” Руслан беш жыл - 2000-жылга чейин артист болуп иштеп, бүтүн Кыргызстанды түрө кыдырат.
2000-жылдан тартып Руслан Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы театрдын (ТЮЗ) артисти.
Билимин өркүндөткөн Руслан 2010-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун кызыл диплом менен аяктаган.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Русландын артисттик шыгы айрыкча ТЮЗга киргенден баштап көрүндү.
Ушул коллективде ал бир нечелеген сахналык образдарды көрүүчүлөрдүн купулуна толо турган деңгээлде жаратты.
Айрыкча Русландын Ташмат Эшматову (“Чыңгыз менен Бүбүсайра”), Шамшысы (“Мүрөктүн суусу”), Эркини (“Аксыдагы атуу же Боспиектеги каран түн”), Линь Босу (“Ипархан-Сянь-Фэй”) анын кылдат психологиялык да, күчтүү драмалык да, ал түгүл комедиялык да чебер артист экенин айгинеледи.
Бүгүн Руслан Курманалиев улуттук театр өнөрүндө өз чыгармачылык жүзү бар инсан.
Театрда эмгектенүү менен бир катар эле ал 2005-жылдан тартып кыргыз кинолоруна да активдүү тартылып, көрүүчүлөрдүн калың катмарына тааныла баштады.

Театрдагы негизги ролдору түзөтүү

 
"Күйөө балам - водовоз" фильмин тартуу учурунан
  • Маңкурт (“Тайамам”, авт. С.Раев)
  • Кеша (“О, кыздар”, авт. С.Раев)
  • Володя (“Макулмун”, авт. Л.Корсунский )
  • Ажыгабыл (“Таланат жана тагдыр”, авт. Ж.Кулмамбетов)
  • Ташмат Эшматов (“Чыңгыз менен Бүбүсайра”, авт. Ж.Кулмамбетов)
  • Эркин Жаңыбаев (“Аксыдагы атуу же Боспиектеги каран түн”, авт. Ж.Кулмамбетов)
  • Шамшы (“Мүрөктүн суусу”, авт. А.Дыйканбаев)
  • Кадырбек (“Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза!”, авт. Ж.Кулмамбетов)
  • Тилек (“Үмүт”, авт. Ч.Калыбекова)
  • Линь Бо (“Ипархан – Сянь-Фэй”, авт. Ж.Кулмамбетов) ж.б.

Тасмаграфиясы түзөтүү

  • Асек (“Той”, реж. А.Айтикеев)
  • Кадырбек (“Кандуу сүйүү”, реж. Ж.Кулмамбетов)
  • Кадырбек (“Кандуу сүйүү-2”, реж. Ж.Кулмамбетов)
  • Ташмат Эшматов (“Чыңгыз менен Бүбүсайра”, реж. Ж.Кулмамбетов)
  • Тимур (“Мен сага ишенем”, реж. Ж.Кулмамбетов)
  • Мидин Алыбаев (“Мезгил жана Алыкул”, реж. А.Чотуева)
  • Адыл (“Каргыш”, реж. Ж.Кулмамбетов)
  • Тергөөчү (“Президент жана бомж”, реж. Ы.Окенова)
  • Ата (“Сенин тилиң – Манастын тили”, реж. Ж.Кулмамбетов)
  • Берен (“Жараланган турналар - 2”, реж. Ж.Кулмамбетов)
  • Эсен (“Күйөө балам - водовоз”, реж. Ж.Кулмамбетов) ж.б.

Наамдары жана сыйлыктары түзөтүү

Болот Бейшеналиев атындагы республикалык сыйлыктын ээси .

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернет шилтемелер түзөтүү

[1](жеткиликсиз шилтеме)