Рутил (латынча rutilus – саргыч кызыл, ачык кызыл) – минерал, титандын кош оксидинин (TiO2) полиморфтук модификациясынын бири. Тетрагон системасында кристаллдашат. Өңү сары, кызыл күрөн, кара күрөң. Алмаз сымал жылтырайт. Катуулугу 6–6,5. Салыштырма салмагы 4,2–5,6. Р. интрузия тоо тектеринин курамында акцессор минералы катары кеңири таралган. Пегматит жана гидротерм тарамдарында кездешет. Рутил – титан кен ташынын негизги минералы. Синтетикалык Рутил зергерчиликте колдонулат.

Рутил.

Колдонулган адабияттар түзөтүү