Рыбалко, Павел Семёнович

Рыбалко Павел Семёнович (23. 10(4. 11). 1894 - 28. 8. 1948, Москва) – советтик аскер начальниги, бронетанкалык аскерлердин маршалы (1945), эки жолу Советтик Союз Баатыры (1943, 1945). 1919-жылдан КПСС мүчөсү.

Жумушчу үйбүлөсүнөн.

1914-жылдан армияда. Биринчи дүйнөлүк согушка (1914-18) катышкан.

1917-ж. декабрдан Кызыл Гвардиянын, 1919-жылдын январынан Кызыл Армиянын катарында.

Жарандык согушта (1918-20) полктун жана бригаданын комиссары.

Жогорку начальниктик составдын билимин өркүндөтүү курстарын (1926 жана 1930), М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын (1934) бүткөн.

Улуу Ата Мекендик согуш убагында (1941-45) Брянск, Түштүк-Батыш, Воронеж, 1-Белорус жана 1- Украин фронтторунда танкалык армиялардын командачысына орун басар, командачы.

1946-жылдан броне- танкалык жана механикалуу аскерлер командачысына биринчи орун басар, 1947-жылдан командачы.

СССР Жогорку Советинин (2-шайл.) депутаты. Эки Ленин ордени, 3 Кызыл Туу, үч 1-дараж. Суворов, 1-дараж. Кутузов жана 1-дараж. Богдан Хмельницкий ордендери, медалдар жана ордендер менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.