Саадабаев Аскарбек (3.6.1950-ж. т., Жумгал району, Чоң-Дөбө айылы) — математик, физика-математика илимдеринин доктору (1993), профессор (1994).

1972-ж. КМУнун механика-математика факультетин бүткөн.
1973—77-ж. Кыргызстан ИАнын Физика жана математика институтунда кенже илимий кызматкер, 1977—86-ж. КМУУдагы дифференциал теңдемелер кафедрасында улук окутуучу, доцент, 1986—94-ж. кафедра башчысы, 1994-ж. КМУУнун проректору, 1994-жылдан механика-математика факультетинин деканы, дифференциал теңдемелер кафедрасынын башчысы.
Саадабаев дифференциал тендемелер, функциялык анализ жана оператордук интеграл теңдемелер теориясы боюнча адис. 80ден ашык илимий эмгектин ( анын ичинде 3 окуу китеби, 1 монография) автору. Эл агартуу отличниги (1994).

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.