СААДАК – жебе салынуучу кутуча, баштыкча. Ал тери, кайыш, кийиз, таар жана жука темирден жасалган. Анын бети жана ооз жагы түрдүүчө асемделип, четтери чачыланып кооздолгон. Саадакка далыга асына тургандай же курга илингендей эки түрдүү боо тагылган. Саадактын көлөмү жебелердин санына, узундугуна жараша жасалган. Саадакты жоокерлер, мергенчилер пайдаланган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.