Савмак көтөрүлүшү - скифтердин б. з. ч. 107-ж. Боспор мамлекетиндеги чыгуулары.

Ал Пантикапейде Боспор падышасы Перисад V Понт падышасы Митридат VI Евпаторго бийликти өткөрүү жөнүндө сүйлөшүү мезгилинде башталган. Перисадды Савмак өлтүргөндөн кийин (болжол боюнча Савмак Перисад Vнин кулу болгон) көтөрүлүшчүлөр Боспордун батыш бөлүгүн ээлешкен.

Көтөрүлүшкө көз каранды дыйкандар, кол өнөрчүлөр, кулдар катышкан. Савмак көтөрүлүшү Боспордун кул ээлөөчү төбөлдөрүнүн курч кризистен кутулуу максатында жасаган саясий бүтүмүнүн ишке ашуусуна тоскоол болгон. Көтөрүлүшчүлөрдүн башчысы Савмак Боспордун башкаруучусу болуп калган. Узак даярдангандан кийин Митридат анын көтөрүлүшчүлөргө каршы жиберген жазалоочу отряды көтөрүлүштү басып, Савмакты колго түшүргөн. Боспор мамлекети Митридат анын бийлигинде калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.