Турганбай Садыков (1935-ж. Ош облусу, Баткен району, Говсурар кыштагы)– кыргыз совет скульптору, кыргыз Эл сүрөтчүсү (1978), Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери (1972).
Москвадагы жогорку сүрөт окуу жайына караштуу жогорку курсту бүткөн. 1968-жылдан Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун башкармасынын председатели жана сүрөтчүлөр союзунун башкармасынын секретары.
Чыгармачылыгын 1954-жылдан республикалар аралык, бүткүл союздук, эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышуу менен баштаган. Садыков портрет, чакан скульптуралык композиция монумент-жасалга жанрларында чыгармалар жараткан.
Негизгилери: «Кичинекей койчу», «Дем алуу», «Дирижер», «Айтиевдин портрети», «Акын О.Султановдун портрети», «Кылым таштары» сериясы, “Муратбек Рыскулов Лирдин ролунда” (1974).
Садыковдун чыгармалары Кыргыз мамлекеттик сүрөт искусствосу музейинде, ошондой эле Третьяковдун картиналык галлереясында жана башка. КМШ өлкөлөрүнүн көркөм сүрөт музейлеринде бар. Садыковдун чон монументалдык чыгармалары Бишкекте орнотулган “Манас” комплекси (1980), “Революция каармандарына” (1978), “Жеңиш эстелиги” (3985), “Эл куту” (1995), “Эркиндик” эстелиги (2003), “Манасчы” скульптуралык композициясы АКШдагы Чикаго шаарында, “Жылкычы” скульптуралык композициясы Люксембург шаарында коюлган (1976) “Атчан Манас” композициясы Нью-Йоркто ООНдун имаратында (1995), “Манастын эстелиги” Кытай Эл Республикасында орнотулган (2001).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003