Садык Аблимит (1941, Кулжа шаары КЭР)— журналист, акын, сынчы, этнограф, котормочу, фольклор изилдөөчү, Кытай жазуучулар коомунун мүчөсү, Шинжаң фольклор коомунун төрагасы, «Мурас» журналынын баш редактору. Илимий даражасы — эң жогорку редактор, профессор.

С. А. курама вариант боюнча «Семетей» эпосунан «Чынкожо, Толтой чатагы» эпизодун уйгур тилине которгон. Ошондой эле Кызыл-Суулук кыргыз Манасчы Жусуп Мамай айткан «Семетей» эпосунун айрым эпизоддорун уйгур тилине которуп, журналга жарыялаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4