Садыр Арзымат уулу (Садыр баатыр, хан Садыр, Эр Садыр, Эр Садыр хан), (т.ж. белгисиз - 1780-ж. өлгөн ) - кыргыз элинин эркиндиги үчүн күрөшүүчү, колбашчы, баатыр, саяк уруусунун Кабанын тункатарынан чыккан. Кетмен-Төбөдө туулган. Каба - Түнкатар - Түмөнбай - Майрыке - Козуке - Чөкө - Сакай - Качканактын Зуура байбичесинен (Сарыбагыштын Көкүл бийдин кызы) Асан, Арзымат, Жорукту, Көкүмбай. Эр Садыр мына ушул Арзыматтын үч уулунун улуусу. Арзыматтын Садыр, Сейит, Бекболот деген 3 уулу болгон. Урпактары Токтогул районунда жашашат.

Садыр хандын иниси Бекболоттон Маткерим бий туулган. Маткерим бий азыркы Токтогул районундагы (Кетмен-Төбө өрөөнү) Арым болуштугун (Арым деген кенен жайлоо бар) башкарып турган. Ал кийин орус бийлиги тарабынан кулакка тартылып, күлүк аты менен Таласка качкан (Таласта берендер деген уруу бар. Ошолор менен карым-катнашта болуп, ошолорго качкан). Маткерим бийдин артында Самаган (улуу баласы) жана Самидин (кичүү баласы) деген уулдары калган. Маткерим бийдин кичүү баласы Самидин (Самидин Изамбаев) Токтогул районунда көп жылдар англис тилчи мугалим болуп иштеп, пенсияга чыккан. Маткерим бийдин урпактары Токтогул шаарында турат.


Тарыхчы Белек Солтоноевдин ырастоосунда XVIII кылымдын экинчи жарымында бүткүл арка кыргызына кадыры таанылган элбашылардын бири.
Кыргыз элинин байыркы мезгилдерден бери жердеп келген жерлерин алгач, калмактардан, андан кийин казактардан бошотууга активдүү катышкан.
Жаштайынан айбаттуу, жоокер чыгып, калмакты сургон бир нече уруштарга катышып, жаштайынан Эр Садыр аталган. Кийин бүткүл кыргызга таанылган. Кыргыз калкын, кыргыз жерин чет жердик баскынчылардан коргоп, абройлуу колбашчы болгон.Талас аймагына коркунуч пайда боло баштаганын баамдап, Чон Капка капчыгайынан чыга беришиндеги Кызыл мойнок ашуусунун этегине ордо куруп, көргөн салдырган . Ал жер «Садыр коргон» деп аталып калган. Садыр баатырдын бул коргону кийин суу сактагычтын алдында калгандыгы жөнүндө илимде жазылган . Садыр баатырдын казак баатырлары Жанек, Абак, Көкжал Барактар женилишкен. Садыр баатырдын аскердик күчү абдан кубаттуу болгондуктан, коншу Улуу жуз казактардын уруу башчылары Сары-аркадагы Аблай хандан жардам суроого мажбур болушкан.

Казак ханы Аблайга каршы күрөшү түзөтүү

Уйсун казактарынан чыккан Бердикожо кыргыздарга чабуул коюп, жылкыларга тие берет. Кыргыздардын Садыр баатыры менен Момокон баатыры аны Чымкентке чейин сүрүп барат. Казак Уйсун уруусунан Жапектин Кооман деген уулу өлөт , Бердикожо мындан 20-25 жыл илгери Ташкент шаарындагы талашта өлтүрүлгөн Кара Байтигинин кунун кубалап жүргөн болсо эми ага Жапектин куну дагы кошулат. Алар Аблай хандан жардам сураганга мажбур болушкан Аблай хан, «Мен кыргыз деп аттанбайм, Садыр деп аттанам, аттангыла үч үйдөн - бир адам, эки адамга үч ат алгыла, эки адамьң бир бээ сүтүн ичесиң, талкан алгыла!» - деп Аблай хан буйрук берип жолго аттанат.
Аблай хан жолдо келе жатып Ташкентти алат. Кыргыздарга элчи жиберип ортодогу чыр-чатакты тынчтык жол менен чечмек болот. Биринчи ирет Кыргыздардын урууларынан 40 элчи Ташкентке жөнөтүлгөн.Садырдын элчисин кабыл алат, алардын ичинде бизге белгилүү солтонун Жамансарттын баласы Түлөберди да болгон. Түлөберди Аблайдын уруксаты жок ун катып суйлогон эмес, андан кийин бардык элчилер ким күнөлүү, эмес деп талашып-тартышып атканда Түлөберди Аблай хандын дагы уруксааты жок бир дагы үн каткан эмес, ал ошол элчилик сапарында мактоого, Аблай хандын алкышына татыган. Аблай ханга, Садыр Ханга Эсенгул солтонун Кебек бийди жиберет. Садыр өзүн ханмын деп билип турган, анткени Кетмен-Тободон Таласка кочуп келээринде ак кийизге салып, айлантып Хан которушкон:- Мени тааныбаган Сарт кулга көрсөтөм! - дейт. "Сарт кул" деп ал Аблай ханды айткан. Садыр баатыр менен Момокон кан достордон болот - моңолдор , черик, саяк биз жакта, сен кошулсан солю дагы кошулат деп Момоконду көндүрөт.
Бирок Алайдын башчылары келип Момоконду Садырга кошулбасын суранышат. Бул жерде Алайлыктардын Аблайга жан тартканында чон мандем бар. Эмнеге казак Аблайга жан тартты деген ?!.
Момокон достуктан кечет. Аблай хан кыргыздарга каршы көп кол менен келип Чүйдөгү элди чаап , андан соң Таласка бет ала баштайт. 1780- жылы ал Садырды жана уулу Доскулуну кармап алып, туткунга түшүргөндүгү жөнүндө маалымат булактарында бар. Жекеге чык Аблай жекеге десе болбой, Аблай олтурткон. 14-жаштагы уулума жан соого амандык бер десе, Аблай конбой олтурткон.
Садыр баатырдын уулу Доскулу туткундан качууга коп аракеттенип, салгылашып жатып өлгөн, алардын сөөгүн туугандары сурап алышып, Таластагы Үчкоргон деген жерге коюлган.
Садырдын эрдиги жөнүндө көп малыматтар бар, анын кыргыз элин, кыргыз жерин, өзгөчө [[Талас өрөөнү]н сактап калганга көп аракетин жумшагандыгы жөнүндө тарыхчылар белгилеп келишет.

Пайдаланылган адабияттар: түзөтүү

Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б 1996.
Кыргызстан тарыхы. Энциклопедия .Б., 2003.
Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-2 китеп Б., 1993.
Талас облусу. Энциклопедия. Б., 1998.
Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. -Том 1-6.