Сазан уулу Багыш Сазан уулу Багыш (1878, Нарын облусу, Жумгал району, Карасуу айылы 1958, ошол эле жерде) манасчы. «Манастын» үч бөлүмүн тең айткан. Багыштын атасы Сазан сөзмөр, санжырачы, усталык кесип кылган адам болгон. «Манасты» Багыш башка манасчылардай кесип кылып эл кыдырып айткан эмес. Багыштын манасчы болуп калганына жакын тууганы Байбагыш Жакып уулунун таасири чоң. Замандаштарынын эскерүүсүндө Багыш 17-19 жашында эл алдына «Манасты» айта баштаган. Ал өзүнүн «Манас» айтып калуусун башка манасчылар сыяктуу эле түш көрүү менен байланыштырса да, чоң манасчылардан таалим алуусу негизги роль ойногон. Багыштан 1938-41, 1949-жылы «Манас» үчилтиги жазылып алынат. Жазуу ишине баласы Мухамед-Садыр жана Абдыраков Токтаалы деген адамдар катышкан. Багыштан «Манас» үчилтигинин биринчи бөлүмүнөн: «Жакыптын эгин айдап байыганы жана кан көтөрүлүшү», «Манастын төрөлүшү жана балалык чагы», «Алмамбеттин келиши», «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат жана кичи казат» бөлүмдөрү жазылып алынган. Аталган эпизоддордун ичинен «Чоң казат» ырааттуу жазылып, окуялар кеңири баяндалган. Андан жазылып алынган «Манас» башка белгилүү манасчылардыкына салыштырганда көлөмү жагынан чакан, бардыгы 101580 сап ыр («Манас» эпосунан 41 000 сап, «Семетейден» 55 000 сап, «Сейтектен» 5 580 сап). Мисалга, Манастын сырнайзасын Багыш мындай сүрөттөйт:

“Сары карагай кыйдырган,
Сары атанга жыйдырган.
Күрөтүп кумга көмдүргөн,
Сегиз ай чаап кырдырган,
Сексен түрдүү сырдырган.
Чарайна менен чаптаган,
Сынып кетме болот деп,
Пил терисин каптаган.
Коло менен чырмаган,
Тийген жери ырбаган.
Кош кара кыл тактырган,
Душманды көздөй бактырган.
Колго жылуу болот деп,
Кой макмал менен тыштаган”.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз элинин манасчылары:Маалымдама китеп. – 1-чыг., Түз.: Т.Бакчиев, Р.Исаков. – Б.: Кыргызпатент, 2010 – 96 б.
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1