Сайдуллаев Нууман - жазуучу, акын.

Нууман Сайдуллаев Лейлек районуна караштуу Катраң-Абад айылында 1949-жылы 1-январда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1966-жылы «Кулунду» колхозунда колхозчу болуудан баштаган. Андан кийин статистика башкармасында улук инспектор, райондук «Алга» гезитинде адабий кызматкер, армияда кызмат өтөп келгенден кийин 1973-жылга чейин «Алга» гезитинде,
1976-жылга чейин Ош областынын «Ленин жолу» гезитинде адабий кызматкер,
1976–1991-жж. Ош облустук телерадио комитетинде улук редактор, бөлүм башчы, башкы редактордун орунбасары, «Толкун» студиясында башкы редактор болуп иштеген.
1991-жылы Катраң-Абадда чакан ишкана уюштуруп, жетектеп,
1995-жылы «Хан Шырдак» аттуу дыйкан чарбасынын төрагалыгына, 1997-жылдын март айынан «Катраң» айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланган. Катраң айылдык Кеңештин депутаты.
Н.Сайдуллаевдин «Жазгы ыр» деген ыры 1965-жылы анын биринчи Лейлек райондук «Алга» гезитине басылган. Андан кийин анын ырлары, аңгемелери мезгилдүү басылмаларда, журнал, альманахтарда кез-кези менен басылып келди.
Нууман Сайдуллаев 1982-жылдан Журналисттер союзунун, 1991-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Коломто. Аңгемелер. – Б.: 1982. – 44 б.

Күн баш бакты: Повесть жана аңгемелер – Б., 1991. – 160 б.

Жоголгон күн: Роман жана повесть. – Ош, 1995. – 220 б.

Хан шырдак: Роман дастан. – Ош, 2000. – 270 б.

Назым шиңгилдери: Ырлар. – Б.: Сабыр, 2003. – 112 б.