Саксония (нем. Sachsen, ө. луж. Sakska) — Германиядагы федералдуу жер. Аталышы Эркин Саксония Республикасы, (лужиче Swobodny stat Sakska)

Саксония Эркин Мамлекети
лужиче Swobodny stat Sakska

Германиядагы Саксониянын картасы.

Анда алгачкы орто кылымда славян уруулары жашаган. Саксония ны 10-кылымда немис феодалдары басып алып, Мейсен маркасын негиздешкен. Бул марка 1264-ж. Тюрингияны, 1423-ж. Саксен-Виттенбергди (Саксон герцогдугунун бир бөлүгү) караткан соң Германиядагы эң ири княздыкка айланып, анын аймагы Саксония аталган.

Саксонияда 15-16-кылымда алгач ирет капит. өнөр жай пайда болуп, маданият өнүккөн. Саксония - 16-кылымдагы реформачыл кыймылдын жана 1524-26-жылдардагы дыйкандар согушунун чордону. 1547-ж. Шмалькальден согушунда (1546-48) герцог Мориц Саксонский протестант княздарын талкалагандыгы үчүн император Карл Удеп курфюрст титулун алып, Саксония жерин бүт бириктирген. Отуз жылдык согуш (1618-48) мезгилинде Саксония нын өнүгүшү бир топ томөндөгөнү менен 17-кылымдын аягы - 18-кылымда ал кайрадан жогорулаган.

Бирок Саксония да капитализмдин андан ары өнүгүшүнө феод, мамилелер тоскоол кылган. Саксония ны Тундук согушунун (1700-21) жүрүшүндө шведдер, Жети жылдык согушта (1756-63) Пруссия басып алган. Саксония 18-кылымдын аягында Францияга каршы, 1806-ж. Пруссия менен бирдикте Наполеон Iгe каршы согушкан. Иенанын жанында женилген соң (1806-ж., 14-октябрь) Саксония кайра Наполеон тарапга өткөн жана Рейн союзуна кирип, королдук болгон.

Вена конгрессинин (1814-15) чечими боюнча Саксония аймагынын жарымына жакыны Пруссияга өткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.