Сакстар - 3-4-кылымда уруу союзуна бириккен герман урууларынын тобу.

Алгачкы орто кылымда Сакстар түндүк Германия аймагын (Рейнден чыгышка, Эльбадан батышка карай) ээлеп, 5-кылымдын ортосу - 6-кылымдын 1-жарымында алардын бир бөлүгү Британияга ооп отурукташкан.

Сакстарда королдук бийлик болгон эмес. Улуу Карлдын саксон согуштарынан (772-804) соң сакстарды франктар каратып, Саксония Франк мамлекетинин курамына киргизилген; Сакстар зордоо жолу менен феодалдык мамилеге өтө баштаган.

843-ж. сакстар Чыгыш Франк королдугуна өтүп, 9-кылымдын аягында Сакс герцогдугу түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.