Сакталуу принциби - нерселердин, алардын касиеттеринин жана мамилелеринин сактала тургандыгын көрсөтүүчү илимий теориялардын жалпы принциби.

Илимдеги жацы жетишкендиктер, материалдык объектилер түрдүү өзгөрүүлөргө дуушар болсо да, жалпы касиеттери жана мамилелери сакталып каларын ырастады. Сакталуу жөнүндөгү идея бардык кубулуштун башатын издеген байыркы философияда кезигет. Мисалы, атомизм. Платон дүйнөнүн пайдубалында жаткан элементтердин өзгөрбөс гармониялык түзүлүшү жөнүндөгү окуусунда бул идеяны өнүктүргөн. Анын окуусу кийин Сакталуу принциби менен тыгыз байланышкан симметрия принцибине айланган. Сакталуу принциби структура жөнүндөгү түшүнүктүн тереңдешинде чоң роль ойногон. Сакталуу принциби диалектиканын классикалык мыйзамдары жана категориялары менен тыгыз байланышта. Сакталуунун жана өзгөрүүнүн биримдиги табияттын, ойлоонун өнүгүшүнүн жалпы закону. Кыймылды жана анын формаларын изилдөөнү сакталуунун аларга дал келген формаларын анализдемейинче жетишерлик деп эсептөө мүмкүн эмес.

Сакталуу принциби таанымдын акыйкаттыгынын критерийи боло алат. Ойлоонун жана илимий билимдердин өнүгүшү Сакталуу принцибине баш ийет. Ал өркүндөп жаткан ойлордун инв рианттары (окшош варианттары) катары көрүнөт. Дал ушул инварианттар адамдын өзгөрүлмө дүйнөдө туура багыт алышын камсыз кылышат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.