Бекмуратова Салима Саидовна (1932 -1995 ) — опера ырчысы (лирикалык сопрано), Кыргыз ССРинин эл артисти (1973). Б. «Айчүрөк» операсынан Айчүрөктүн, «Манас» операсынан Канайымдын партияларын лирикалык маанайда, ырчылык жогорку чеберчилик менен аткарып, кыргыздардын акылман кыздарынын жаркын образын түзгөн.

Өмүр баяны түзөтүү

Балалыгы жана жаштыгы

Лирикалык сопранонун кооз тембринин ээси Салима Саидовна 1932-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда белгилүү кыл кыякчы Саид Бекмуратовдун үй-бүлөсүндө туулган. 1933-жылдын күзүндө композитор Петр Шубин борбордон Бекмуратовдор жашаган айылга келип, үйдүн ээсине Кыргыз филармониясында туруктуу иштөөнү сунуш кылат. Саид жубайы Уулча жана кичинекей Салима менен бирге Фрунзеге багыт алып, кыякчы,композитор катары узак жана кызыктуу жолду басып өткөн.Кылкыяк менен чоордун керемет үндөрүн тынымсыз угуп чоңойгон Салима бала кезинен атасынын көп ырларын жатка билип, ырчы болууну гана кыялданчу. Ал мектеп хорунда ырдап, бардык мектеп кечелеринде, концерттерде чыгып, көркөм чыгармачылык сынактарында, шаардык олимпиадаларда биринчи орунду ээлеп жүргөн. Салима 1941-жылы Фрунзедеги Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына экзамен тапшырбастан кабыл алынган. Окуу жайды аяктагандан кийин Москвага барып, П.И.Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияга сынак аркылуу өтөт. “Жолдуу экенмин, мага вокалдык искусствону тажрыйбалуу мугалим Ксения Ивановна Васькова үйрөткөн”, - деп айтып берген Салима. [./Https://www.mosconsv.ru/ru/default.aspx П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын] бүтүргөндөн кийин (1947-1952) чыгармачылык ишин Кыргыз опера жана балет театрында Archived 2022-02-15 at the Wayback Machine алдыңкы вокалист катары баштаган.

Чыгармачылыгы түзөтүү

1952-жылдын 31-октябрында театрдын сахнасында Жакомо Пуччининин “Чио-Чио-Сан”операсынын бет ачары болуп, Салима мадам Баттерфляйдын партиясын ырдаган. Бул күнү анын чыгармачыл жолу башталган.

Салима Бекмуратова чыгармачылыктын бийиктигине көтөрүлүп, өтө тез убакытта таанылды, күйөрмандары керемет ырчынын кайталангыс талантына таазим кылышты. Анын үнү Орусиянын, Украинанын, Беларустун, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн, Кавказдын жана Орто Азия республикаларынын, Казакстандын, ошондой эле Румыниянын, Польшанын, ГДРдин, Кытайдын, Болгариянын концерттик залдарында жаңырды.

Аткарган партиялары: түзөтүү

Иоланта (П. Чайковскийдин “Иолантасы”)

Маргарита (“Фауст”, Ш. Гуно)

Микаэла (“Кармен”, Ж.Бизе)

Аида (“Аида”, Дж.Верди)

Виолетта (“Травиата”, Дж.Верди)

Лиза (“Пиковая дама”, П.Чайковский).

Татьяна (“Евгений Онегин”, П.Чайковский)

Мадам Баттерфляй (“Чио-Чио-Сан”, Дж.Пуччини)

Джильда (“Риголетто”, Дж.Верди)

“Ак куу ханбийке” (Н. Римский-Корсаковдун “Салтан падыша тууралуу жомогу”).

Недда (“Паяцы”, Р. Леонкавалло)

Айчүрөк (“Айчүрөк”, В. Власов, А. Малдыбаев жана В. Фере)

Тотуя (“Токтогул”, В. Власов, А. Малдыбаев жана В. Фере).

Гүлнар (“Ак-Шумкар”, С. Ряузов)

Жамийла (“Жамиля”, М. Раучвергер)

Айша (“Айдар жана Айша”, А. Аманбаев жана С. Германов)

Салима Бекмуратованын эң жогорку жетишкендиктери опера сахнасында болгону талашсыз, бирок анын камералык аткаруусу да чоң ийгиликтерге жетишкен, ал өзгөчө ак ниеттүүлүгү, ак пейилдиги, толуктугу жана эркиндиги менен айырмаланган. Ырчынын репертуарында романстар, чет элдик жана орусиялык вокалдык классика болгон.

Сыйлыктары түзөтүү

“Эмгек Кызыл Туу”, “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1958).

Кыргыз ССРинин эл артисти (1973).

Жаштардын жана студенттердин Бухарестте өткөн 4-Бүткүл дүйнөлүк фестивалынын вокалисттер конкурсунда 1-сыйлык жана алтын медаль (1953).

Жеке турмушу түзөтүү

Салима Бекмуратованын мыкты үй-бүлөсү болгон. Жолдошу-СССР кинематографисстер союзунун мүчөсү Юрий Сергеевич Шведов. Ал ВГИКти бүтүргөн, "Мосфильм" жана "Кыргызфильм" киностудияларында иштеген. Ал өз өмүрүн толугу менен жубайынын чыгармачылык жолуна арнаган. Алардын сүйүү баяны абдан кызыктуу. Шведов Салима менен тааныша электе анын үнүн радиодон угуп калат. Өмүрүндө такыр сентименталдуу болуп көрбөгөн оператор ... үндү сүйүп калганын сезген. Көп өтпөй экөө таанышып, ал Салиманын колун сурап, экөө баш кошуп, 1962-жылы Александр аттуу уулдуу болушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4

Шилтемелер түзөтүү

https://www.kino-teatr.ru/teatr/728/forum/

https://limon.kg/ru/news:66062?from=limon&amp%3Bplace=search&amp%3Bsth=890f9c4204047875aea3f20f66f3e362

Салима БЕКМУРАТОВА (1932-1995 гг.) Archived 2020-06-04 at the Wayback Machine

Бишкекте Салима Бекмуратованы эскерүү кечеси өтөт