Сальмонеллез - курч түрдө зооноздуу- антропоноздуу, бактериалдуу жугуштуу ооруларынан болот.
Козгогуч көп этиологиялуу (2300 серовар), жуктуруу жолу фекалдуу-оралдуу, көпчүлүк убакта козгогуч менен ууланган тамак-аш аркылуу, полиморфтуу клиникалык белгилери бар, оорунун жүрүшү субклиникалык жана өтө жеңил формалардан - абдан оор өтүүчү ич келте, сепсис түрлөрү менен жана оорукананын ичинде жайылма түрдө (внутрибольничная инфекция) өтүшүыктымал.
Кыргызстанда эпидемияга каршы активдүү түрдө өткөрүлүп жаткан аракеттерге карабай, курч түрдө өтүүчү ичеги-карын жугуштуу оорулары абдан чоң көйгйөдү түзүп келет. Бул оорулардын катталышы сасык тумоо жана ОРВИ ден кийин 2-чи орунда турат. Алардын интенсивдүү көрсөткүчү абдан жогору (100 ООО кишге 492 ден 618 ге чейин жетет) да түштүк региондо көп кездешет.

Сальмонеллез бактериялары

Этиологиясы түзөтүү

Козгогучу Salmonella түрүнөн, түркүмү Enterobacteriaceae, кыймылдуу, тегерегинде чачыктары бар, спорасы жана кабыкчасы жок, грамм - терс, өлчөмү 1-3 х 0,2-0,6мндон турган таякча.
Экзотоксинди (энтеротоксини термолабилдүүү жана термостабилдүү) жана цитотоксинди бөлүп чыгарат. Энтеротоксин суюктукту туздары менен кошо ичегиге толтура куят, ал эми цитотоксин клеткадагы белок синтездөөчү ироцесссти бузуп, ичегинин ички кабыкчасынын цитомембранасын тейлейт. Козгогуч жок болгондо пайда болгон эндотоксинге уулануу белгилери караштуу.
Козгогучтун О-аитигени соматикалуу, термостабилдүү жана Н-антигени чачыктуу, термолабилдүү. Кээ бир штаммдары ИИ-АГди, капсулдуу К-АГ, былжыр М-АГден турат. Сальмонеллёздун негизги уусу (токсини) - энтеротоксини жана ЛПС-комплекс (эндотоксин), козгогуч жок болгондо пайда болот.
Эларалык серологиялык сальмонеллдердин антигендүү классификациясы, Кауфман-Уайттын схемасынын негизинде түзүлгөн. Анын серогруппалары А, В, С, Д, Е дагы башка 3000 дөн ашык сероварлары бар. Анын ичинен кишиге таандыгы 700дөн ашык. Көпчүлүк убакта кездешүүчүлөрү: S.typhi murium, S.Heidelberg, S.enteritidis, S.anatum, S. Derbi, S.london, S.panama ж.б.
Козгогучтар кургакта көпкө сакталат: комнатадагы температурада 45-90 күн, жаныбарлардын кургак тезектеринде 3-4 жыл, сууда (РН ылдый болсо) - 40-60 күн, сүт жана эттен жасалган тамактарда - 4 айга чейин сакталат да көбөйүшөт. Ал эми тамактын органолептуу сапаттарын өзгөрпөйт. Козгогучту жок кылыш үчүн 400 гр. этти 2,5 сааттан кем эмес кайнатуу керек. Тышкы чөйр өдө 1 айдан 18 айга чейин сакталат жана кээ бир тамак-ашта көбөйүп өсүп-өнүгөт.

Эпидемиологиясы түзөтүү

Козгогучтун булагы жана таратуучусу болуп: мүйүздүү малдар, чочколор, тооктор, каздар жана башка үй жана жырткыч айбандар жана куштар болуп эсептелет. Андан башка: оорулуу адамдар жана бактерияны өнөкөт алып жүрүүчүлөр. Жаныбарлар козгогучту заңы, сийдиги, сүтү, шилекейи, чимкириги аркылуу бөлүп чыгарат жана ал бир канча жылга созулат. Өзгөчө, уй, кой, чочко, жылкы коркунучтуу, ал эми ит, мышык, чычкан, келемиш, түлкү, карышкыр, аюу, маймылдар да таратат.
Куштардан сууда сүзүүчүлөр эң коркунучтуу, алар когогучтун булагы болуп эсептелет. Козгогуч жалаң алардын этинде гана эмес, ички органдарында, жумурткасында да болот. Ошондуктан, бышырылбаган өрдөктүн, каздын, тооктун чийки жумурткасын жээге болбойт. Алардын ичине кептер, чымчык, чаек ж.б. куштар, дагы жылан, кескелдирик, бака, балык, рак, крабдар да кирет.
Сальмонеллездун булагы жана таратуучулары: оорулуу адамдар, бактерияны алып жүрүүчүлөр өзгөчө "пищевиктер." Инфекция адамга ооз-мурун аркылуу булганган тамак, сууну ичкенде кирет.

Негизги жуктуруу жолдору түзөтүү

Тамак-аштан (алиментардуу), бул негизги жолу;- тыкыс байланыштан жугуу бир жашка чейинки балдар жана карыялар жана аба, суу аркылуу жугат.

Таратуучу факторлору түзөтүү

Ооруган жаныбарлардын эти, балык, жумуртка жана андан жасалган тамак-аш, сүт, сүттөн жасалган тамактар, жашылча- жемиш, ууланган суу жана кондитердик тамактар болуп эсептелет. Козгогуч тамак-ашта бат көбөйүп, экзо- жана эндотоксинди пайда кылып, вирулентүүлүгүн жогорулатат. Аба аркылуу жугуу жаш балдардын арасында кездешет. Малды багып тазалап, тыкыс байланышта болгондо жана ооруканада (внутрибольничная) - оорулуу балдардан, анда иштеген кызматкерлерден, ата-энеден, төрөт аялдардан жугат.
Сальмонеллездун очогу жай өөрчүп, тыкыс байланышта жугуп, көпкө созулат да көпчүлүк учурда бир жашка чейинки балдардын арасында өтө оор түрдө, абдан бийик жана көпкө созулган ысытмасы, жайылма (генерализованная) формада өтөт да көпчүлүк убакта майыпка учуратат. Анын козгогучу S. typhi murium госпиталдуу штамм жана ал көп дарыларга туруктуу. Ооруп калыш үчүн когогучтун өтө аз өлчөмү жетиштүү.
Козгогучу S. enteritidis ден найда болгон сальмонеллез, кийинки учурда көбүрөөк кездешип, малдын эти жана куштун жумурткасы аркылyy тарайт.
Сальмонеллез табыйгый кабыл алуусу кишилерде абдан бийик.
Сальмонеллез жылдын бардык мезгилинде кездешет, айрыкча жай-күз мезгилинде көбөйөт. Иммунитети типоспецификалуу жана кыска мөөнөткө созулат.

Патогенези түзөтүү

Оору пайда болуш үчүн организмге козгогучтар жана анын токсини да тамак-аш же суу аркылуу ичке ичегинин ички кабыкчасы аркылуу энтероцитке кирип, (адгезия) макрофагдын ичинде көбөйөт, фагоцитоз аркылуу сальмонелдер жок болгондо ЛПС-комплексти (эндотоксин) пайда кылат. Эндотоксин макрофаг менен моноцитти күчөтүп цитокинди бөлүп чыгарып, аш-казандын жана ичегинин былжыр кабыкчаларын сезгентип эксудативдүү диареяны жаратат. Энторотоксин аденилатциклаздуу системаны күчөтүп , цикличтүү нуклеотиддерди пайда кылып, а-кретордуу диареяны өрчүтүп дегидратацияны пайда кылат. Простогландиндин Е группасы секретордук процессти күчөтүп , жылмакай булчуңду жана ичегинин кыймылын тездетет. Эндотоксин ичегинин нерв-тамыр аппараттарын, клетканын мембрандарын сезгентип, андан ары лимфожолдору менен мезентериалдуу лимфотүйүндөрүнө жетет да, андан кийин канга жайылып кан аркылуу ички органдарга тарайт: боор жана көкбоор чоңоет, козгогуч макрофагдын цитоплазмасынын ичинде өнүп өркүндөйт да көпчүлүгү өлгөндөн кийин токсин көбөйүп, уулануу өрчүйт. Токсин ичке ичегини сезгендирип, энтерит синдромун пайда кылат да биологиялык активдүү гистамин, серотонин, простогландин, цикличтүү нуклеидтер өлчөмсүз көп суюктук менен калийдин, натрийдин диарея аркылуу жоготуусуна алып келет, ошондуктан суу-электролиттүү балансты бузат.
Эндотоксиндин аракетинин аркасында, нерв-эндокрин системасынын функциясы бузулуп, обмен алмашуу, тамак сиңдирүү процесстер жүрөк-кан-тамыр системаларынын бузулушу кошулгандыктан, адамдын организми ага температурасынын көтөрүлүшү, кусуу жана ичинин өтүшүу менен жооп берет. Кусунду жана ич өткөк аркылуу көп суюктукту жоготуунун себебинен, ОЦК, КБ төмөндөп, четки кан-тамырлар кысылып (спазм), кан коюулап, кандын жүрүшү акырындап, гипоксиянын өрчүшүнөн, клеткалардагы метаболикалык өзгөрүүлөр ацидозго айланат. Ошондуктан, канда гистамин сыякгуу заттар, капиллярларды кеңейтип, адреналиндин сезимин басмырлайт (блокирует). Мунун баары кан-тамырдын функциясынын бузулушуна, борбор нерв системасынын, боордун, бөйрөктүн, бөйрөкбездин биохимикалык жана функционалдык бузулууларына алып келет. Энтерит ичегидеги тамакгы иштеп чыгаруу, сиңирүү процессинин бузулушуна, липаза менен лактазанын кемишине, дисбактериоздун өрчүшүнө себеп болот.
Сальмонеллездун жайылма формасында, оорунун ички органдарында, боор, көкбоор, бөйрөк, лимфаппараттарда козгогучтар топтолуп, көбөйүп, өнүп- өрчүйт. Ошондуктан, организмде иммунодефицит пайда болуп, сальмонеллёз ич келте жана сепсис формада өтөт.

Сальмонеллезду патогендүү, энтероинвазивдүү ичеги- карындын жугуштуу оорусу деп билебиз. Анда төмөнкүчө патогенездин фазалары бар:
1. Козгогучтун ичеги-карынга, аш- казанга, 12-кат ичегиге жана ичке ичегиге кириши
2. Козгогучтун ичке ичегиде көбөйүп, өрчүп, топтолушу жана козгогуч куруп жок болгондон кийин эндотоксиндин пайда болушу
3. Микроциркуляция процесстеринин бузулушунан ИТШтун пайда болуп (инфекциялык-токсикалык шоктун) өрчүшү
4. Ичке ичегинин жогору жагында эндотоксин, цикличтүү «аденозин-моно-фосфаттын эритмесинин концентрациясынын көбөйүшүнөн, ичегинин клеткасынын мембранасы аркылуу электролиттин чоң көлөмдө топтолушу, диареянын жана гиповолемикалык шоктун өрчүшүнө алып келиши
5. Коногучтар кирип, жабышып көбөйгөн жерлерде пролеферитивдуу же ириңдеген сезгенүү пайда болот жана анын макрофагдарында сакталып көбөйушү ыктымал
6. Козгогучтун ичке ичегинин эпителиясынын тозмосунан өтүп, нимфосистемада жана канда көбөйүшү, андан ары паренхималуу органдарына жайылышы, оорунун жайылма, ич кенте жана сепсис сыяктуу формаларынын пайда болушу, оорулардын иммунитети төмөн болгон жана кошумча оорулары бар адамдарда кездешет.

Патоморфологиясы түзөтүү

Сальмонеллездун гастроинтестиналдуу формасында шишик, кычаруу, майда канталоо, ичегинин ички кабыкчаларынын жараларын көрүүгө болот. Гистологиялык изилдөөдө ички кабыкчаныи көп көлөмдө былжыр суюктугу жана эптелиянын кырындысы, үстүнкүрөөк некроз жана кан-тамырлардын бузулушу, клетканын инфилтрациясы байкалат.
Сальмонеллездун өтө катуу сепсис сыяктуу формасында дистрофия жана некроз сезгенүүлөрү боордо, бөйрөктө, бөйрөкбезде, миокардда, лимфотүйүндөрүндө жана ал opгандардын чоңоюп кеткени кездешет да метастатикалык көп приплачен ички органдарды көрөбүз: менингит, пневмония, эндокардит, пиелонефрит кездешет.
Сезгенүү процессинин кайра кайтуусу 3-4 жумага чейин созулат.

Клиникасы түзөтүү

Сальмонеллездун клиникалык классификациясы
1.Локалдуу (гастроинтестиналдуу) түрү: гастрит, гастроэнтерит, энтерит, энтероколит
2. Жайылма (генерализованная) түрү: ич келте сыяктуу, сепсис сыяктуу, субклиникалуу
3. Формалары: жеңил, орточо, оор
4. 0орунун жүрүшү: кабылдоо менен, кабылдоосуз түрү
5. Кошумча (башка оорулар менен) түрү: Сальмонеллез-микст
6. Козгогучту алып жүрүү: курч түрү (3 айга чейин), өнөкөт (3 айдан ашык), транзит түрү.

Сальмонеллездун локалдуу гастроинтестиналдуу формасы 75-95%ды түзөт.

Колдонулган адабият түзөтүү