Сал дарыясы - жогорку бөлүгүндө Журак-Сал - Орусиянын Ростов областындагы дарыя, Дондун сол куймасы.

Сал
Мүнөздөмө
Узундугу 798 км
бассейндин аянты 21 300 км²
Суу чыгымы 9,9 м³/с
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
ОМСР 05010500112107000014981

Узундугу 798 км, алабынын аянты 21 300 км2. Негизинен кар сууларынан куралат. Суусу март - апрелде кирет. Жылдык орт. чыгымы (чатынан 205 км жогору) 9,9 м3/сек. Жайында жогорку агымында соолуп калат. Декабрдын ортосунда тоңуп, марттын аягында ачылат. Сал Дон каналы аркылуу Цимлян суу сактагычынан суу алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. - 656 б.