Саманчынын жолуКүн тутумун камтыган галактика.

Саманчынын жолунун модели

Күн Галактиканын борборунан 25 000 жарык жылына барабар болгон алыстыкта жайгашкан. Саманчынын жолунун дискинин диаметри 100 000 жарык жылына, калыңдыгы 3000 жарык жылына барабар болуп, чамалаганда 100 миллиарддан ашуун жылдыз камтыйт.

Галилео Галилей биринчи жолу 1609-жылы өзү жасаган анча кубаттуу эмес телескобу менен Саманчынын жолуна байкоо жүргүзүп, ал сансыз көп жылдыздан турарын айткан. Астрофизиктердин изилдөөсү боюнча Саманчынын жолу көзгө көрүнбөгөн Ааламдын заттарына чөмүлгөн.

Жерден көрүнүшү

түзөтүү
 
Жердин түнкү асмандагы Саманчынын жолунун борбору

Жер асманынын түндүк жарым шарында Эгиз, Букачар, Возничий, Кассиопея, Цефей, андан соң Бүркүт топ жылдызынан эки тармакка ажырап, анын бир тармагы түштүк жарым шарына өтүп, Калкан, Жаачы, Чаян, Центавр, Түштүк крест, Киль, Парус, Тайган, Единорог, андан кайра асмандын түндүк жарым шарына өтүп, Орион жана Эгиз топ жылдыздарына тушма-туш келген “сүттөй” ак түстөгү жазы тилке.

Булактар

түзөтүү
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0