Самат Абдырахманов

Кыргызстандык мушкер

Самат Абдырахманов (ошондой эле "Самат Кыргыз" деген ат менен да белгилүү) — Кыргызстандык мушкер[1], «Hardcore Fighting» чемпиону (2022). 71 кг алкагында «Hardcore Boxing» чемпиону (2022)[1]. Орусиянын спорт чебери жана бокс боюнча чемпиону, Тюмень курамасынын мүчөсү, Бүткүл Орусиялык жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Учурда Кыргызстандын атынан мелдештерге катышат.

Самат Абдырахманов
Жынысы

эркек

Жарандыгы

 Кыргызстан
 Орусия

Чеберчилиги

Бокс и mixed martial arts

Төрөлгөн датасы

19 -март 1999(1999-03-19) (25 жаш)

Төрөлгөн жери

Бишкек, Кыргызстан

Спорттук карьерасы

2021 — азыркы учурда

Бою

187 см

Салмагы

71 КГ (70—77)

Өмүр баяны түзөтүү

Самат Абдырахманов 1999-жылы 19-мартта Кыргызстанда төрөлүп, бирок бала кезинде ата-энеси жана эки эжеси менен Орусиянын Тюмень шаарына көчүп кетишкен, кийинчерээк үй-бүлө дагы бир уулдуу болгон. Спортчу Тюменде чоңоюп, мектепти жана колледжди ошол жерден бүтүргөн.

Самат бала кезинен бери спортко жакын болуп, өзүн спорттун түрдүү түрлөрү боюнча – футбол, стол тенниси, баскетбол боюнча сынап көргөн. 12 жашында ата-энесинин колдоосу менен спорт залга келип, бокс менен машыгып баштайт. 9-класстан кийин колледжге дене тарбия боюнча машыктыруучулукка тапшырып, ал жакта 4 жыл окуган соң аскерге чакырылган. Орусиянын аба-десанттык аскерлерде кызмат өтөп жүрүп, рингде бөлүмдүн атын коргогон. Ар кандай мелдештерде жеңиштерге жана спорт чебери наамына ээ болгон, андан тышкары парашют менен эки жолу секирүүгө жетишкен. Кызмат учурунда Абдырахманов «Hardcore FC» жана «Top Dog«» тууралуу маалыматтарды билип, үйүнө кайтып келгенден кийин ал жакка арыздарын жөнөткөн. Анын ышкыбоздук карьерасына 250гө жакын беттеш кирет.

2021-жылы Орусиянын Hardcore Fighting муштум-уруш лигасында дебют жасап, төрт беттеште жеңишке жетип, Гран-принин финалына чейин жеткен. Өзгөчө мушташ стили жана жогорку бокс техникасы үчүн муштум-уруш сүйүүчүлөрү Саматты "Кыргыз Флойду" - деп аташкан.

Саматтын айтымында, ал муштум-урушка популярдуулук үчүн келген жана анын негизги максаты кесипкөйлүк бокс болгон.

Жыйынтыктары түзөтүү

Жыйынтыгы Рекорду Каршылашы Ыкмасы Турнири Датасы Раунду Убактысы Өткөрүү жайы Эскертмелер
Утулуу 9-1-1 Калып:Өлкө желеги/Россия Эмил Новрузов Калыстардын бирдиктүү чечими менен Hardcore FC 11-ноябрь, 2023 5 2:00 БТБ арена, Москва, Орусия [2]
Жеңиш 9-0-1   Николас Верон Калыстардын чечими менен Hardcore Boxing 18-март, 2023 4 3:00 Agenda arena, Дубай, БАЭ [3]
Тең чыгуу 8-0-1   Мартин Жуарян Hardcore FC 24-февраль, 2023 5 2:00 БТБ арена, Москва, Орусия [4]
Жеңиш 8-0   Элвин Леон Брито Калыстардын чечими менен Hardcore Boxing 25-декабрь, 2022 6 3:00 Москва, Орусия [1]
Жеңиш 7-0   Лендруш Акопян КО Hardcore FC: Финал Гран-при, 2-сезон 26-июнь, 2022 4 1:57 Москва, Орусия
Жеңиш 6-0   Гилберт Патросинио Hardcore FC 1-март, 2022 4 1:57 Москва, Орусия
Жеңиш 5-0   Амхад Жанчураев Калыстардын чечими менен Hardcore FC: 1/2 Гран-при, 2-сезон 23-ноябрь, 2021 3 2:00 Москва, Орусия
Жеңиш 4-0   Гарольд Шалаев Калыстардын эки тараптуу чечими менен Hardcore FC: 1/4 Гран-при, 2-сезон 25-август, 2021 3 2:00 Москва, Орусия
Жеңиш 3-0   Гор Туманян ТКО Hardcore FC: 1/8 Гран-при, 2-сезон 20-июль, 2021 2 2:00 Москва, Орусия
Жеңиш 2-0   Анатолий Скрыпник КО Hardcore FC: 1/16 Гран-при, 2-сезон 27-май, 2021 1 1:56 Москва, Орусия
Жеңиш 1-0   Вячеслав Орлов ТКО Hardcore FC: Тандаоо / Гран-при, 2-сезон 17-март, 2021 1 1:33 Москва, Орусия

Эскертмелер түзөтүү

  1. 1.0 1.1 1.2 Самат "Кыргыз" Абдрахманов завоевал второй чемпионский титул (орусча). sputnik.kg. Текшерилген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2022.
  2. Боец из Кыргызстана проиграл в титульном бою Hardcore FC (орусча). sport.kg. Текшерилген күнү 2023-20-11.
  3. Самат "Кыргыз" Флойд Мейвезердин көз алдында атаандашын утту (кырг.). super.kg. Текшерилген күнү 24 -март (жалган куран) 2023.
  4. Самат Кыргыз Hardcore чемпиону менен кармашып, тең чыкты. (кырг.). sputnik.kg. Текшерилген күнү 25 -февраль (бирдин айы) 2023.

Шилтемелер түзөтүү