Самудинов Токтосун (Т. Мидинов)

Самудинов Токтосун (Т. Мидинов) - акын.

Токтосун Самудинов Сокулук районунун Сокулук кыштагында 1941-жылы 5-сентябрда туулган.
1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, журналисттик кесипке ээ болот.
Н.Г.Чернышевский атындагы Республикалык китепкананын басма бөлүмүндө редактор, Кыргыз телестудиясында редактор, «Ленинчил жаш» гезитинде башкы редактордун кызматтарында иштеген.
1977-жылы негизделгенден бери «Байчечекей» балдар журналынын башкы редактору болуп эмгектенип келет.

Чыгармачылыгы студенттик жылдардан башталып, биринчи китеби 1971-жылы «Тоолор гана көрүшпөйт» деген ат менен жарыкка чыккан. Ырлары мурдагы СССР элдеринин бир катар тилдерине, ошондой эле англис, француз, испан тилдерине которулган.
Жазуучулар жана Журналисттер союздарынын мүчөсү. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы (1976) жана эки жолу (1972,1981) Грамоталары менен сыйланган. 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган.
1992-жылы «Кол чатыр» жана «Чаң баспасын сөздөрдү» деген китептери үчүн Алыкул Осмонов атындагы жана 1997-жылы балдар адабияты менен балдар басма сөзүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Тоголок Молдо атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон.
2004-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган. 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» деген ардактуу наам берилген.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Тоолор гана көрүшпөйт: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан,1971. – 34 б.

Салам кат: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1974. – 36 б.

Ат чабыш: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 120 б.

Мээр чөп: Ырлар пародиялар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1979. – 156 б.

Алтын сырга: Ырлар, уламыш, пародиялар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 88 б.

Жашынмак: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 72 б.

Бешик ыры: Ырлар жана пародиялар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 124 б.

Кол чатыр: Ырлар. – Ф.: Адабият,1989. – 128 б.

Сүзөнөөк ырлар же 101 пародия: Ырлар. – Б.:Кыргызстан, 1998. – 108 б.

Чаң баспасын сөздөрдү: Ырлар. – Б.: Адабият, 1991. – 128 б.

Той кечеге тосттор: Ырлар, юморлор, афоризмдер. – Б., 1999. – 128 б.

Даанышман ойлор: Афоризмдер, макал-лакаптар. – Б., 2000. – 134 б.

Тандамал: Ырлар жана пародиялар. – Б., 2003. – 230 б.

Орус тилинде

Долг: Стихотворения. – Ф.: Мектеп, 1982. – 100 с.

КОТОРМОЛОР

Инбер В.М. Апрель: Ленин тууралуу ырлар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 31 б.

Куприн А. Ак жолтой доктор: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1978. – 42 б.

Кильчичаков М. Марал эмне үчүн мүйүзүн таштайт? /Котор.: Т.Самудинов, Ж.Алыбаев. – Ф.: Мектеп, – 58 б.

Симонов К.М. Аңгемелер /Котор.: Ж.Алыбаев, С.Карымшаков, Т.Самудинов. – Ф.: Мектеп, 1983. – 96 б.

Куприн А.И. Аңгемелер /Котор.: К.Саякбаев, Т.Самудинов, А.Кыдыров. – Ф.: Мектеп, 1984. – 59 б.

Махмуд Тофик. Жаңгак: Ырлар / Котор.: Т.Самудинов, А.Кыдыров. – Ф.: Мектеп, 1987. – 51 б.