Сандык кырка тоосу - Ички Теңир-тоодо кеңдик багытында созулуп жатат. Жумгал кырка тоосунун чыгышында, Кызарт, Сөөк (Кочкордун куймалары), Түгөлсай, Кызарт (Жумгалдын куймалары) сууларынын алабында жайгашкан. Уз. 50 км, туурасы 12 км. Орт. Бийиктиги 3600 м. Эң бийик жери 3947 м.

Айланасындагы өрөөндөрдүн таманынан 800–1000 м бийиктикте көтөрүлүп жатат. Батыштан чыгышка карай жапыздап, Кочкор өрөөнүндө бөксөлүү майда адырларга (Акучук, Айгыржал) өтөт. Тоонун кыры негизинен тайпак, тик чокулар аз, айрым жерлеринде түбөлүк кар м-н мөңгүлөр кездешет. Тоонун түш.-батыш тарабында, 3307 м бийиктикте чакан Сарыкөл көлү жайгашкан. Андан Түгөлсайдын оң куймасы Корумду башталат. Тоонун түн. капталы батышында (Жалпакташ ж-а Кумбел сууларынын ортосу) жантайыңкы, Сандык өрөөнчөсү бар; чыгышында тик, Кумбел, Сарык капчыгайлары м-н тилмеленип, Сөөк суусунун таманына чукул түшөт. Түш. капталы тик ж-а кыска, майда капчыгайлуу. Мал айдоого ыңгайлуу Окторкой, Кумбел, Сандык сымал ашуулары бар.

Түштүк-батыш бөлүгү төм. ордовиктин гранит, гранит-диорит, ортоңку бөлүгү пермдин сиенит магма тектеринен, чыгышы ордовиктин жашыл, бозомук жашыл түстөгү сланец, порфирит, туф, акиташ тектеринен турат. Тоонун түн.-батышында Сандык өрөөнчөсү байыркы зор муздун жылышынан пайда болгон. Тоодо алюминий кени бар (Сандык кени). Түн. капталына шалбаалуу талаа ж-а шалбаа (3000 м бийиктикке чейин), түштүгүнө кургак талаа (2700 мге чейин), талаа ж-а бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2700– 2900 м), субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы, шалбаа, андан жогору нивалдык-гляциал-1дык ландшафттары таралган. Кочкор ж-а Жумгал р-нун малы жайылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2