Сандык кениНарын облусунун Жумгал р-нундагы алюминий металлын алууга жарамдуу нефелиндүү сиенит жаткан жер.

Ташдөбө кыш-нан 25 км түш. тарапта, Жумгал тоо тизмегинин чыгыш учундагы Сандык тоосунда жайгашкан. 1953-ж. табылган. Кен аймагында палеозойдун аягында жиреп чыккан сиенит интрузиясы кеңири таралган. Пайдалуу тоо тек–нефелиндүү сиенит магма комплексинин 2-фазасында пайда болуп, шток түрүндө жатат. Нефелиндүү сиенит негизинен калийлүү талаа шпатынан (60– 65%), нефелинден (22,5%), калганы түстүү минералдардан (биотит, пироксен) турат. Кенден алюминий кычкылын бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги аныкталган. Анын өлчөмү 20,09%ке жетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2