Санжар Муканбетов1972-жылы 12-декабрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн.

Санжар Муканбетов
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын
вице-премьер министри
желек
желек
 2018
Өкмөт башчысы: Сапар Исаков
Президент: Сооронбай Жээнбеков
Андан мурунку: Толкунбек Абдыгулов
 
Дини: ислам
Туулган жылы: 12 -декабрь 1972(1972-12-12) (51 жаш)
Туулган жери: Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР
Билими: Кыргыз техникалык университети
Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономист адисти
Кесиби: экономист

Өмүр баяны түзөтүү

1994-жылы Кыргыз техникалык университетин бүтүргөн. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономист адистиги боюнча аяктаган. 1994-1995-жылдары "Жанар" акционердик коомунун инженери; 1995-1996-жылдары "ТНК Дастан" заводунун инженери; 1996-1998-жылдары Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы техникалык кызматташуу агенттигинде алдынкы адис, биринчи категориядагы адиси; 1998-1999-жылдары Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү мамлекеттик агенттигинде башкы адиси; 1999-2001-жылдары Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү агенттигинде чет элдик жардамды координациялоо башкармалыгында бөлүм башчы, жетекчи орун басары; 2001-2002-жылдары Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестицияны башкаруу программасынын жетекчи орун басары; 2002-2005-жылдары Финансы министрлигинин инвестициялык саясат департаментинин директору, мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын башчысы; 2005-2007-жылдары Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын жетекчиси; 2007-2009-жылдары экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары; 2010-2014-жылдары экономика министринин орун басары; 2014-жылдан тарта финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы. [1]

Эскертүүлөр түзөтүү