Санжеев Гарма Данцаранович

Санжеев Гарма Данцаранович (1902-1988) - тилчи, Чыгыш изилдөөчү. филология илимдеринин доктору (1948), профессор (1935).

  • Бурят АССРинин илим менен техникага эмгек сиңирген ишмери (1962).
  • РСФСРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1973).
  • Дыйкан үй бүлөсүнөн
  • 1928-жылы Ленинград чыгыш институтун бүткөн.
  • ЛГУда (1929-1931), Москва чыгыш таануу институтунда (1931-1954) жана МГУнун Чыгыш тилдер институтунда (1968-жылдан) иштеген.
  • Санжеевдин монгол тилдери боюнча 100дөн ашык эмгеги бар.

Ал эмгектеринде монгол тилдеринин грамматикасы, диалектилери, монгол тилдеринин салыштырма грамматикасы, түрк тилдеринен кабыл алынган сөздөр жана алтай тилдеринин айрым маселелери изилденет.

Санжеев фольклористикага байланыштуу илимий эмгектер да жазган. МЭР ИАнын чет элдик профессору (1963). Кёрьёшчома атындагы коомдун (Венгрия) ардактуу мүчөсү (1970-жылдан). Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9