Санитария-эпидемиологиялык кызмат

Санитария-эпидемиологиялык кызмат — өлкөдө санитариялык көзөмөлдү жүргүзүүчү, санитария-гигиеналык жана эпидемияларга каршы чараларды иштеп чыгуучу жана аларды иш жүзүнө ашыруучу мамлекеттик мекемелердин системасы.
Санитария-эпидемиологиялык кызматты саламаттык сактоо министерстволорунун санитария-эпидемиологиялык башкы башкармасы жетектейт.

Милдети түзөтүү

Санитария-эпидемиологиялык кызматтын негизги милдети күндөлүк жана алдын ала мамлекеттик санитариялык көзөмөлдү жүргүзүү; ал белгилүү тартипте айлана-чөйрөнү зыяндуу таштандылар менен булгануудан коргоого жана алдын алууга (Айлана-чөйрөну коргоо, Көлмөлөрдү санитариялык коргоо, Топуракты санитариялык коргоо жана башкалар), калктын эмгек жана тиричилик шартын жакшыртууга багытталган жалпы мамлекеттик чаралардын жүргүзүлүшүн, андан башка министерство, мамлекеттик комитет, ишкана, мекемелердин, айрым граждандардын санитария-гигиеналык жана санитария-эпидемиологиялык эреже, нормаларды туура, так аткарышын көзөмөлдөйт. Тамак-аш продуктусуна, жаңы чыгарылып жаткан сырьёлорго, идиштерге, полимер жана синтетика материалдарга коюлуучу бардык стандарттар менен техникалык шарттардын долбоорлору саламаттык сактоо министерствосунун макулдугу менен гана бекитилет. Санитария-эпидемиологиялык кызмат мындан башка да жаңы химиялык заттардын колдонулушуна, тамак-аш продуктуларын чыгарууда жана кайра иштетүүдө пайдаланылуучу заттарга, радиациялык коопсуздук боюнча чаралардын жүргүзүлүшүнө, жугуштуу оорулардын таралышынан жана аларды алып кирүүдөн аймакты санитариялык жактан коргоого да көзөмөл жүргүзөт.[1]
Санитария-эпидемиологиялык кызмат жетектеген адамдар санитариялык жана эпидемияга каршы чараларды жүргүзүүгө, эл чарбасынын объектилерин курууда санитариялык нормалар жана эрежелер сакталбаса, алардын ишин токтотууга, керектөөгө жараксыз деп табылган тамак-аш продуктусун жок кылуу боюнча токтом чыгарууга, жугуштуу ооруга чалдыккан адамдарды жумуштан четтетүүгө жана аларды ооруканага жаткырууга, дезинфекция жүргүзүүгө, карантин жарыялоону талап кылууга укуктуу. Санитария-эпидемиологиялык кызмат органдары жана мекемелери калкка эмдөө жасоону уюштурат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

  1. Рособркөзөмөлгө даттануу