Сан-Франциско
Сан-Франциско (исп. San Francisco) — АКШнын Калифорния штатындагы шаар.
Отурукташкан жай
Сан-Франциско ![]()
|
![]() |
Бул макала азыркы учурда Колдонуучу:Baydastann тарабынан активдүү түзөтүлүүдө. Сураныч, бул эскертме барактан алынып салынмайынча бул баракка өзгөртүүлөр киргизбей туруңуз. Болбосо, түзөтүүлөр кагылышуусу келип чыгышы мүмкүн. Бул барак акыркы жолу 10:36, 24-апрель 2025 (UTC) (2 күн мурун) да түзөтүлгөн. |
Ал Ассиздик ыйык (испаниялык «сан») Францисктин урматына аталган. Бул шаар Сертепалы жарым аралында жайгашкан. Сан-Франциско булуңу жана Алтын дарбаза кысыгындагы көпүрөлөр аны курчап турган шаарлар менен байланыштырат. Калкы 38 965 000 киши (2023). Бул Америка Кошмо Штаттарынын батышындагы ири соода, каржы жана маданий борбор. Транспорттук жолдордун түйүнү. 3 аэропорт бар жана алардын бири эл аралык мааниге ээ. Сан-Францискодо ири банктар жана компаниялардын кеңселери иштейт. Металлургия, кеме куруу, тигүү, тамак-аш, полиграфия өнөр жай ишканалары бар. Ракета-космос, радиоэлектроника, нефтини кайра иштетүү, химия жана металлургия өнөр жайынын ишканалары шаардын чет жакаларында жайгашкан. Метрополитен курулган. 3 университет, консерватория, илимий изилдөө институттары, театрлар, музейлер, китепканалар бар. Аскер-деңиз базасы 1776-жылы негизделген. Бириккен Улуттар Уюму 1945-жылы Сан-Франциско конференциясында түзүлгөн.