Башбаракты ачуу

Сапаев Муса - акын, публицист.

Муса Сапаев Чоң-алай районунун Дароот-Коргон айылында 1945-жылы 15-августта туулган.
1975-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун инженер-механикалык адистигин бүтүп келгенден кийин эмгек жолун Алай районунун Гүлчө айылында автобазада автомеханик болуп иштөөдөн баштаган. Кийин Алай МЖСте башкы инженер,
1976–1984-жж. райондогу ДЭУнун начальниги, Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

М.Сапаевдин алгачкы ырлары 1969-жылы Фрунзе шаарындагы «Политехник» гезитине жарыяланган. Ошондон бери анын ырлары, публицистикалык макалалары, очерктери мезгилдүү басылмаларда жарык көрүп келген.
Актуалдуу макалалары менен конкурстарга катышып, ал 1996-жылы улуттук «Маданият» программасы боюнча президенттик грантты,
1997-жылы «Сорос Кыргызстан» фондунун журналистика боюнча биринчи сыйлыгын,
1997-жылы «Замана» телепрограммасынын «Жылдын мыкты идеясы» деген конкурсу боюнча биринчи сыйлыгын,
1998-жылы «Вечерний Ош» гезитинин «Ош – 3000ге» карата уюштурган «Менин махабатым» аттуу конкурсунун биринчи сыйлыгын жеңип алган.
2013-жылы "прогрессивдуу демилгелер фондунун" Буткул дуйнодогу Кыргызстандыктардын "Акыл-Тирек" конкурсунун лауреаты наамын женип алган. Муса Сапаев 1991-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ:

Кыргыз тилинде

Ыйман оту: Публицистика. – Бишкек, 1990. – 116 б. "Куур тондон качан кутулабыз?" Бишкек-1992-жфыл, 148 бет

Улуттук кайра жаралуу идеясы: Публицистика. – Бишкек, 1995. – 98 б.

Улуттук кайра жаралуу программасы: Публицистика. – Бишкек, 1996. – 38 б.

Айлуу түн: Ырлар. – Ош, 1996. – 86 б.

Тоолор жана аялзат тагдыры: Публицистика. – Бишкек, 1998. – 92 б.

Алай тарыхы: Тарыхый публицистика. – Бишкек, 1998. – 116 б.

"Адамзар" 2007-жыл, 136 бет

"Эл ынтымагы-ыйык" 2011-жыл, 400 бет

"Улуттук сыртандыктын идеологиясы" 2014-жыл, "Турар" басмаканасы, 652 бет

                               Улуттук идея – улуттук азаматтыктын  үзүрү 
                                                      улуттун акыл тумары


               Акын, жазуучу жана публицист “Бүткүл дүйнөдөгү кыргызстандыктардын   “АкылТирек” конкурсунун лауреяты” Муса Сапаев эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн эле “Улуттук идея” маселесине баш оту менен киришип, чарпылбай жана бурула качып буйдалбай    бул тематикада он эки китепти калайык-калкыбызга сунуштоого да жетише алгандыгы албетте уникалдуу тагдыр десем жаңылышпаймын.
       М. Сапаев өзүнүн  “Улуттук Кайра Жаралуу идеясы” жаатындагы чейрек кылымдан ашык  көшөрө изденүүлөрүнүн  жыйынтыгы   “Улуттук сырттандыктын идеологиясы” аттуу үчилтик китебин жакында басмадан чыгарды.  (“Турар” басмасы, 2014-жыл, 652 бет). Мындан жыйырма жыл илгери эле   мен сыяктуу “жазуучу-сынчы жалаңтөштөр”   арасында “Улуттук идеянын атасы” атыккан Мусакенин жашоо-турмушу менен, узак жылдан бери  чыгармачылыгы менен тааныш инсан катары, “Таза жол” гезитинин туруктуу автору тууралуу өз оюумду ортого салууну эп көрүп олтурам. 
   Эске түшүрөлүчү, СССРде, КПСС Борбордук Комитетинин  1985 жылдын 24-апрелинде болуп өткөн апрель пленуму, ошо кезде айтылгандай жана отуз жылдык тарых калетсиз тастыктагандай чыныгы бурулуштук жана революциялык  окуя болгон.

Кайра куруу бул; демократия, адам укугу, айкындуулук, маалымдуулук” деп туруп жарыялаган саясаттын шарданасы менен 1987 жылдан баштап Кыргызстанда биринчилерден болуп “ Улуттук Кайра Жаралуу идеясы” маселесин, компартиянын цензуралык азуусунун мокой электигинен улам ошо кезде, ксерокстык ыкмада “Мүрөк”, “Кереге”аттуу эркин гезиттер чектүү нускада жарык көрө баштайт. М. Сапаев Кыргызстанда “Улуттук идея” маселесин биринчи көтөрүп чыккан атуул; мисалы “Кереге” гезитинин 1987 жылдын август айындагы нускасында жарыяланган “Бизге улуттук идея керек” аттуу чакан макаласында “Италиялык ренессанс-кайра жаралуу доору жаатында баарыбыз кабардарбыз-тарыхтан окуганбыз. Кыргыздар жаңы нерсени тез кабыл алабыз, бирок негедир совет доорунда партиянын буйруп-тескөөсүнө буюгуп терс жөрөлгөлөрдү көп жугузуп, улуттук нарк-дөөлөттөрүбүздүн кыйласын жоготуп алдык окшойт. Эми жукса бизге Улуттук Кайра Жаралуу жөрөлгөсү жуксун”- деген аруу тилегин билдирет. Кыргызстанга маалымдуулук саясаты бир аз кечигип келгендигине байланыштуу “Бурганактуу ойлор” деген, улуттук идея маселесин официалдуу көтөргөн макаласы мамлекеттик расмий басылма “Ленинчил Жаш” гезитинде 1989 жылдын 16-февралында басылып чыккан - ошол маалда бул гезит 180200 нускада жарык көрчү.

    ... Сенектик жылдарда тарамыштай чыналган бюрократия элдин-жердин, улуттун сыймыгы болуучуларды жеке кызыкчылыктын, кызмат учун бөжүрөчүлуктүн, дүйнө жыйып, керт башын эркелетүүчүлүктун пендесине айландырып жибергендиги кайра куруунун күрдөөлдүү ишке ашышына каскак болуп жатпайбы. Дал ушунун кесепетинен айылда уруу-урууга бөлүнүп, райондо кыштак-зонага бөлүнүп, областта районго бөлүнүп, республикада оштук, көлдүк, чүйлүк, нарындык болуп сөз талаша, үстөл талаша, ыңгай-шарт талаша кетмейибиз бар, турмуш чындыгына адилеттүү көз жүгүртүп, каниет кылуунун ордуна. Бул тууралу ачык айтпай, кырдаалды каргышка кабылтпай, абалыбыз жөндөлбөйт. А бул улуттук интеллигенңия деген маселеге келип такалат.
        Ар бир революциянын мүнөзүп аныктаган урааны болгон, кайра куруу революциясынын урааны: «өзүңдөн башта!» Демек, үстөл кучактагаи кайсы бир «чиновниктерден» көп деле жакшылык күтө берүүнүп кажети жок, тез арада шаардык, айылдык интеллигенңиянып «Баарлашуу клубун» түзүп анын илимий-техникалык, маданий-адабий, өндүрүштүк-экономнкалык, айыл чарба секцияларын уюштуруп, иш-планын түзүп, алгылыктуу идеяларды тал¬доого алып, акылды ортого салып, шыктуу-ирдүүлөрдү алга сүрөп, колдоп, коомдук аң-сезимди өнүктүрүү мектебине айландырып, жаныча ой жүгүртүүнү турмушка ашырууга белсенип киришүү учурдун талабы.
          Токтогул, Ак-Талаа, Алай, Манас, Жети-Өгүз райондорун  улуттук салттын, улуттук нарк-дөөлөттүн  аймагы деп жарыялап, улуттук типтеги жеке жана коомдук курулуштарды көбөйтүп, улуттук кийимдин моделин кеңири жайылтып, улуттук салт-каада, майрамдарды, улуттук оюндардын спартакиадасын өткөрүү менен улуттук нарктуулукту пропагандалоону баштасак.” –мындайча айтканда азыркы “Көчмөндөр оюндары” маселесин да алгачкылардан болуп күн тартибине койгон.   Ошондон бери карай Муса Сапаев калемдештер арасында “Улуттук идеянын атасы” деген каймана ат менен белгилүү боло баштагантэле.
              1992 жылы “Кыргызстан” басмасынан басылып чыккан “Куур тондон качан кутулабыз” китебинде болсо  минтип жазган эле: Орус элинин кайра жаралышы, өксүк комплекси (комплёкс неполноценности), орус менталитети, орус мүнөзү, деген жалпы теманын астында полемикалуу ой жоруулар элдин калың массасынын бүйрүн кызытып башта тыйуу салынып келген ойлордун сели, катары   таасирдүү   жаңылыкта   күргүштөй  агып  келип   атат ушундан улам “Улутгук идеянын” максаттык маанисин кыска так түшүндүрсө болобу деген суроо берилип жүрөт. Бул албетте кыйын иш, ошентсе да аракеттенип көрөлү: Улуттук иден ириде улуттук духту, улуттук ар-на-мыстуулукту бийик даражага алып чыгуу, дүнүйө элдеринин алдыңдагы татыктуу кадыр-барк үчүн, улуттук ариет үчүн талыкпай күрөшүүгө шыктандыруу, улуттук эркти чыңдоо, жана ушул асыл сапаггардын негизинде аң-сезимдин, гүшүнүктүн күрдөөлдүү өнүгүшүнө карата натыйжалуу иш алып баруу. Демек жалпысынан адамдык мыкты сапаттар үчүн күрөш, ден соолук үчүн, пакиза табигат үчүн, ыйман-парасаттуулук үчүн жүргүзүлгөн иш чаралар, улуттук каада-салттардын алгылыктуу жактарын өнүктүрүү. Ал эми экономикада адилеттүүлүк принцибинин негизиндже адамдын өздүк кызыкчылыктарын жандандыруу аркылуу натыйжалуу эмгектенүүгө өбөлгө түзүү. Улуттар аралык алака-катнашта, эмгекти эл аралык бөлүштүрүүдө кыргаз элинин татыктуу ордун  табуу, дүнүйөлүк руханий жана маданий өнүгүүдө ыйман-адептик  асылдыктардагы аткара турган ролун аныктоо. Эл аралык саясатта тута турган максат-мүдөөлөрдүн негизин аныктоо. Бийик жоопкерчиликтин салтанатында эсеп-кысап жана көзөмөлдү күчөтүүнүн негизинде   жакынкы жана алыскы келечекте милдеттүү түрдө жетишиле турган максаттардын тизмегин жана көрсөткучтөрүн аныктоо
           Кыргыздын «Мазары жок жердин азары көп» деген лакабы бар, Мамлекет болгон соң анын сыйынар мазары эмне? Дал ушул «Улуттук идеология», «Улуттук идеяны”  керек болсо биз дин катары улуу урмат, ынтымактуу ыйбаа менен кастарлай колдоого милдеткер экендигибизди ар бирибиз көңүлгө түйүп алып, ошол демде жашаганыбыз абзел. Ал үчүн «улуттук идея” дал ошондой курпатка эгедер мыктылыкта, кыш кынагандай иреттүүлүктөгү төрт тарабы теп келген ойлор менен, ширелүү, жагымдуу, жугумдуу, көңүл ыргагын күүлөп кетчү эргүү менен, жайдары жатык тил менен жазылыш керек. «Улуттук идеяны» мындай дараметтүүлүктө жазуунун өзү эле элибиздин асылдуу касиеттерден куру кол эмес экендигин тастыктаган, улуттун духун көкалөткөн бараандуу идеологиялык көрүнүш болот”.  
        Бара-бара көпчүлүктүн көңүлүн буруп байма-бай көтөрүлө баштаган бул маселе боюнча

Техника илимдеринин доктору, академик, Президентибиз Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын сегазинчи сессиясында сүйлөгөн сөзүнөн (5-март, 1992-жыл) мындай чыныгы асыл ой, албан максатты жарыялайт: «Мен токтоло кетейин деп жаткан кийинки маселе, бул улуттук кайра жаралуу маселеси. Азыр бизге, кыргыздарга улуу тарыхый мүмкүнчүлүк — улуттук кайра жаралуу мүмкүнчүлүгү берилип жатат. Биз интелектуалдык, рухий жана ак ниетүүлүктүн ченемсиз генетикалык потенциалына ээбиз. Ошондуктан бизге кыргыз элин, кыргыз маданиятын, кыргыз тилин, кыргыз көркөм өнөрүн улуттук кайра жаратуунун кенири, ар тараптуу программасы зарыл.

       Ошол эле жылы чоң салтанат менен өткөн Бүткүл дүйнөдүгү кыргыздардын биринчи Курултайында сүйлөгөн сөзүндө Аскар Акаев  “Бирок биздин ат башындай арманыбыз - Улуу кыргыз кагандыгынан кол жуугандан бери миң жыл аралыгында өзүнчө мамлекет куралбагандыгыбыз. Бул мезгилдер ичинде кыргыз уруулары түрк-монгол мамлекеттеринин курамына кирип, алардын саясий-аскердик турмушунда бир кыйла көрүнүктүү  роль ойносо да, өзүнчө мамлекеттик чамгарак көтөргөнгө жараган жок. Алар тыштан жоо качырып келгенде гана убактылуу бириге калбаса, тынч убактарда көбүнчө бири-бири менен жер талашып, мансап-байлык талашып чабышып жатып калган. Кадыр-барктуу уруу башчылары болсо демейде тар патриархалдык түшүнүктөрдүн, айылдык пас идеалдардын, өзүмчүлдүк инстинктеринин, уруулук кызыкчылыктардын туткунунан кутула алган эмес. Бүткүл кыргыздын тары¬хый тагдырына тиешелуу проблемалар, жалпы кыргыз уруулары үчүн орток мүдөөлөр бар экенин кепчүлүк феодалдардын капарына да  кирген эмес.»
              Тилекке каршы бул армандуу көйгөй арадан жыйырма жылдан ашык убакыт өтсө да биз акылга кирип,  чечилүү жолуна түшмөк түгүл кайра өз алашмалтайлыгын арттырып олтурат.
   Ошол айкын романтикалуу жылдан  бери карай деги эле кыргыз элинин Улуттук Кайра Жаралуусу боюнча олуттуу сөз кылбаган кабардоо каражаты калган жок,  депутаттыкка жана жогорку бийлик орунга талапкерлер  өздүк программаларында да “мен улуттук идеянын иштелип чыгышына, улуттук идеологиянын өнүгүшүнө салым кошом” деген бийик убадалар далай ирет айтып келди, бирок атаганат баягы эле көпшөк убадачылдык, көңүлгө төп  сүйлөп көйрөң  жашоо, улуттук азаматтыктын  жараксыз абалга келиши бул албан максатты өдөлөөгө кейиштүү кедерги бойдон калууда. 
        Уюул бүтүндүктөгү “Улут жыттуу” ургаалдуу идеологиянын жоктугунан “идеологиялык боштук” жаралып адамдар жан дүйнө орентирин массалуу маданияттан, шоу бизнестен, сексуалдык эркиндиктен, динден, ар кандай диний тармактан, теңирчиликтен, туранчылыктан, ал эмес коррупциядан, диний экстремизмден,  криминалдык образдан издеп ары урунуп, бери урунуп, “карайлаган там сүзөт” болуп айласы кеткенде партияларга, бейөкмөт тамакка, уруулук, аймактык белгидеги бейформал уюмдашууларга бытырап, улут баалуулугун ушинтип сактайбыз деген купуя туйгу менен улуттук салт каадага көшөрө тырмышып мындан улам кыргыз эли жылына эки миллиард доллардан ашык каражатты чачууга аргасыз болууда. 
          Элибизди бир максатка уюткан  идеологиянын жоктугунан аракетибиз тамчыга-тамчы кошулуп көлгө айлангандай натыйжалуу жана багыттуу болалбай мындан  улам жыйрма үч жылда жыйганыбыздан чачканыбыз, тапканыбыздан талкалаганыбыз, жаратканыбыздан жабыркатканыбыз, казынага салганыбыздан жулганыбыз   алеки эсе ашыкча болуп кыйраган завод-фабрикалар, техбазалар, МТС, гараждар, кашарлар, цехтер, жолдор, канал- арыктар, мунжуга айланган  токой-чер, эрозияга учураган айдоо аянты, алдырып ийген тонналаган алтын, асыл таштар, орду менен омкорулган өтө уникалдуу дарактар, дары чөптөр, жок кылынган илбесин, архар-кулжа, эчки-теке- алда канча артка шыпырылган айыл чарбасы, экономика, социалдык турмуш; миллиарддаган доллар кредит-гранттарга карабай ишке ашпаган программалар, реформалар, концепциялар, модернизация- пландар, күм-жам болгон хартиялар жана партиялар, компроматтуу каяшачыл коомдук абал.   Демек бул  чачыранды, чайналма, кемсинтилме майнапсыз, сормо саздуу былыкчыл абалдан кантип суурулуп чыгабыз деген суроо эл  байлыгын эңшергенине эрдемсинген түркөйдөн жана алардын “самопал сөздөрдү сайраган арзыматтарынан” башка ар бир Ала-Тоосун кастарлаган  мекенчил инсандын жан дүйнөсүн токсон толгоого салып турганы учурдун ачуу чындыгы!
        Алып көрөлүчү; ушундай өдөмсүздүктүн кедергисинен улам эгемен жылдардын экинчи жарымынан баштап кыргыздардын тарыхын, көчмөндүк цвилизациялык асыл жөрөлгөсүн, рухий дөөлөттөрүн сырттан талашкандар көбөйө баштап, учурда кыргыздар “Улут” катары калыптана албай жатып эле, тарыхый оңтойдун шарапаты менен мамлекеттүлүккө жетишкен ошондуктан өлкөсүн татыктуу өдөлөп кетүүгө курпатсыз дегендер сайттар аркылуу саймедиреп туру.

Мына ушунда кемсинтилме жагдайды көрүп жана жан дүйнө чыгырыгынан өткөрүп келеткан Муса Сапаев түн уйкусунан түйшөлсө, күндүз күнүмдүктүн колду-бутту тушаган көйнөйүнө көшөрө кол шилтөө менен чейрек кылымдык жан дүйнө уюткусу “Улуттук сырттандыктын идеологиясы” чыгармасын бүтүрүп, китепке айландырып өз элинин “назар тасторконун” коюда.

               “Улут эгемендүүлүк сынагында”,  
                “Улуттук улуулукка жол издөө”,  
              “Улуттук идея жана лидер” аттуу үч китепти камтыган  бул көлөмдүү эмгегинде (652 бет) автор  Кыргыз Өлкөсү  Франция, Америка, Кытай, Германия, Япония, Түркия сыяктуу дөө-шаа мамлекеттер менен теңаталыкка дүйнөлүк алкакта таанылып , калайык-калкынын бул тарыхый залкар байманага татыктуулугун даңгазалоочу креативдүү   саясат жүргүзүүгө эл аралык макамда  укук алып, ардактуу катарга  кайкалай тизилип калган алгачкы күнүнөн баштап өтө активдүүлүктө изделип, бирок табылбай келаткан “Улуттук идеянын” өнүгүүсүн дүйнөлүк тажырыйбага таянып эпикалык масштабда ар тараптан терең талдоо аркылуу иликтеп ошол улуттук идеянын принциптерин  аныктап коомчулукка орошон ойлорун ортого салуу менен  азыркы туңгуюктуу, эффективдүүлүгү ашкере төмөн аламан абалдан ишенимдүү суурулуп чыгуунун “Улуу улут уюул эл” аталыштагы автордук программасын  сунуш кылат.   Бул үчүн автор улуттук идеянын адамзаттык өнүгүүдөгү тарых-таржымалын баяндап келип жылдар жылып, доорлор алмашкан сайын адам-инсандын асыл-нарктуу сапатын уламдан-улам мыктылоо   боюнча жасалган жалпы адамзаттык акылгөйлөрдүн албан жумуштарын талдоого алуудан баштайт. 

Улуттук идеяны, идеологияны соцлагерден ажырап чыккан мамлекеттердин жана кечөө эле “мүрүлөш жашаган” постсоветтик республикалардын изденүүлөрү, иштеп чыгып турмушка ашыруу боюнча жасаган кадамдары, натыйжасы, көйгөйлүү карамакаршылыктар,ошол өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө улуттук идеянын тийгизген таасири, өз маалында таамай иштелип чыккан улуттук идеяга таянып өнүккөн экономикага ээ болгон өлкөлөрдүн бейнеси китепте конкреттүү фактыларды келтирүү менен кенен баяндалат.

             Ошону менен бирге дүйнөлүк глобалдуу идеологиянын жана геосаясий-экспанциялык идеологиянын “дөө-шааларынын” ойлору, бүтүмдөрү, сунуштары, гегемонияга умтулган ири державалардын, жашыруун уюмдардын идеологиялык аракеттери да М. Сапаевдин акыл таразасынан өтүп, бизге-кыргыз элине тийгизген кемсинтме кесири, кейиштүү таасири кыйла   таасын  талкууга түшкөн. 
     Ушул жылдын 8-октябрында “Кабар” агенттигинде өткөн пресс-конференцияда кабарчылардын  “Улуттук сырттандыктын идеологиясы” чыгармаңыздын түпкү максаты эмнеде   деген суроосуна автор;  “Улуттук идея маселеси бул иш жүзүндө “Улуттук Лидер”  маселеси жана азыркы шартта, кыргыз эли туш болгон тарыхый кырдаалда  сырткы геосаясий -экспанциялык кытмыр күчтөрдүн кыйды идеологиясынын арбоосуна жутулуп кетпөөнүн, демек  улуттук түбөлүктүүлүктүн  ишенимдүү чарасы, кылымдар сынынан өткөн  элдик, улуттук нарктуулуктун негизинде  жалпы ынаным, ишенимде туура көрүп  макул болуу менен жан дүйнөгө жатыктырылган тагдыр чечүүчү актуалдуулуктагы албан аракетке багыттаган максат- мүдөөлөрдүн уюткусу- улуттун акыл тумары!” деген жообун берген. Ачык айтканда “Улуттук сырттандыктын идеологиясы” кыргыз элин улут катары толук кандуу чыйралтуунун кашкөй чыгармасы. Ошондуктан Урматтуу Мекендеш  акылыңды төптө, жан дүйнөңдө катылуу атамурастык асыл баалуу сапаттарыңды бир муштай түй, кыраакылыгыңды арттыр, чачылган жана басмырланган азаматтыгыңды   бутуна тургуз! Өзүңө ишенүүңдү асабадай желбирет! Чыгарманы кайталай оку, ынтаа менен түшүн, жан дүйнөңө жатыктыр! Ойлон кыргыз!  Ойгон кыргыз! Улуу Уяттын ургаалдуу энергиясын кыймылга келтирүү менен монолиттүү  ынтымакка жол издейли, уюл  биримдикке, жеңишчил максатташтыкка таамай таянып чымырканган көктүктөгү чыгаан эрктүүлүктө каармандуулук менен жеңишчил   аркетке өтөлү!

Ондогон: Арапбек Абдыгулов "Таза жол" гезитинин редактору