САРАЙ – 1. соода, кербен жолдорунун бекеттериндеги курулуштардын жалпы аты. Эл ичинде кербен сарай деп аталат. Саякатчылар, соодагерлер кербен сарайда конушкан, эс алышкан. Сарай ээлери келгендерди жана алардын унааларын жайгаштырып, тиешелүү акыларын алышкан;
2. кандын, падышанын ордосундагы имараттардын жалпы аты. Кандын үй-бүлөсү, нөкөрлөрү, сакчылары, тандамал ишеничтүү аскерлери, аскер башчылары, акылдаш-кеңешчилери, жардамчылары, желдеттери, иш башкаруучулары сарайда турушкан;
3. үстү жабык же ачык чарба курулуштары.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.