Сардар - (ир. - «шердор», «сардор», «сирдар») орто кылымдар доорундагы перс армиясындагы аскер башчыларынын наамы, аскер титулу.

15-18-кк. Борбордук Азия жана Чыгыш Түркстандагы хандыктардагы аскер башчылары да «сардар» деп аталган.

Кыргыздарга «сардар» термини Кокон хандыгынын мезгилинде келип киргендигин изилдөөчүлөр белгилешет. Арийне, кыргыздарда бул аскер наамы ага чейин эле белгилүү болсо керек. Сардар, Сардарбек деген адам аттары кыргыздарда кенен таралган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.