Ысмайыл Сарыбай уулу (Сарыбаев) (1870-1932-жылдары, Ысык-Көл өрөөнү) - жазгыч акын жана өз доорунун билимдүү, алдынкы адамдарынан болгон.


Мезгил бүктөмүндөгү жазгыч акын түзөтүү

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун доценти, ф.и.к. К.К.Койлубаев

Советтик мезгилде бир далай таланттуу адамдар бай-манаптардын тукуму болгондугу үчүн изилденбей, ал тургай аты да аталбай калган. Макалада сөз болчу Ысмайыл Сарыбаев да ошондой мезгил “сотуна” кабылып, көмүскөдө калган таланттардын бири.

Советтик мезгилдеги изилдөөлөрдүн көбүндө, өзгөчө акындар чыгармачылыгын иликтөөдө, революцияга чейинки жана революциядан кийинки деген салтка айланган салыштыруу көп колдонулат. Биз болсо, азыр ошол акындар чыгармачылыгынын изилдениш тарыхын, же изилдөөчүлөрдү совет доорундагы жана эгемен мезгилиндеги деп экиге бөлсөк болот. Анткени, бир мезгилде сөз кылуудан айбыгып, четтеп келген адабий ж.б. ишмерлерибиз, алардын жасап кеткен, бирок убагында бааланбаган эмгектери бүгүнкү эгемен элибиз тарабынан өздөштүрүлүп келет жана ал мындан ары дагы өркүндөтүлүшү керек. Дүйнөлүк адабияттын өкүлдөрү туурасындагы маалыматтар башынан эле лорддордун, аристократтардын, дворяндардын тукумунан болгон деп айтылып, жазылып келсе, бизде советтик доордо акындардын чыгармачылыгы, элге деген эмгеги эмес, алардын чыгыш теги, ата-бабасы боюнча аныкталып, кедей-кембагал болсо, көкөлөтө макталып, бай болсо басылып калган. Мунун кесепетинен көптөгөн таланттуу улутташтарыбыз кыргыз тарыхындагы ордунан четтетилген. Бул маселе азыркы кезде атайын изилдөөчүлөрдү күтүп жатат.

Тарых бүктөмүндө унутта калган жазгыч акын Ысмайыл Сарыбай уулунун чыгармачылыгы да жогорудагыдай себептерден улам изилденип-иликтенбей келген. Сөздү анын өзү жөнүндөгү элге сиңип, ылакапка айланган мына бул ырынан баштаганыбыз эп болчудай:
Өз атам бай, дагы да кайнатам бай,
Кантип жарды кыласың, кудайым ай!
Азар - болсо, талаада малды аларсың,
Казынамда акчамды не кыларсың?
Бул ырдан 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштө түмөн малынын, падышалык Россиянын сактык банкында сакталган сансыз акчасынын бири буюрбай калаарын сезбей, байлыгына манчыркап турган акынды көрөбүз, башкача айтканда, бул советтик мезгилде ушундай түшүндүрүлүп келген. Ушул эле ырдын төмөнкүдөй дагы бир түрү айтылат.
Өз атам Сарыбай,
Чоң атам, дагы бай.
Кайнатам Каптагай
Кантип жарды кыласың, кудай ай
Ыр саптарында жазгыч акын өзүнүн бай, тектүү жердин баласы болуп калганы үчүн күнөөлүү эместигине күйүп, ал дагы башкалар сыяктуу жашоого укугу бар экендигин айтып жатат. Анткени, совет бийлигинин орной баштаган алгачкы күндөрдөн тартып эле алар басмырланып, куугунтукталып, кулакка тартылып, коомдон бөлүнүп калган. Мындай тагдырдагы кишилердин биз алгач акын катарындагы даремет деңгээлин, андан кийин барып анын ата теги, адамдык касиети, курчаган чөйрөсү ж.б. териштирилип, ошол бай, же мейли кандай ата тек, чөйрө акындыгына кандай таасир (оңу, терси) этти мына ушуну окушубуз керек деп түшүндүрүлгөнгө эмнеге болбосун. Маселен, Ысмайыл Сарыбай уулу бай жердин тукуму болгондугу үчүн өз учуруна ылайык билимге, ар тараптуу алдыңкы маалыматтарга ээ экендигин кантип танабыз. Андыктан мусулманча, орусча билим алган, чыгармаларында Англия, Америка, Европа, Греция, Турция, империалист, капиталист, большевик, меньшевик, Дутов, Бондарев, Анюков, Наполеон, коммунист, Ленин, Романовдор, Александр I, помещик, буржуазия ж.б. түшүнүктөрдү сөз кылган жазгыч акын кантип эле жомок каарманындай болуп кедей кылчы деп тиленсин. Бул кесирленгендиктен эмес, кемсинтилгендиктен болушу ыктымал.
Жазгыч акындын чыгармалары Х. Карасаев, З. Бектенов тарабынан жыйналган жана КР УИАсынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусунда сакталып келет. Ал ырлардагы түрк тилдүү элдерди бирине-бири жардам берүүгө, биригүүгө чакырган саптар гана советтик идеологияга туура келбей калган дебесек, калган дээрлик бардык ыр саптарынан эч бир “саясий ката” таппайсың. Кадимкидей эле кыргыз элин илим-билимге, эмгекке, ынтымакка үндөйт, өз учурундагы тарыхый инсандарды мүнөздөйт, падышалык бийликти сындайт, жашоо тиричиликтеги жаңылыктар айтылат, “үркүн” баяндалат жана совет бийлиги даңазаланат.
Мурунтан жери Түркстан
Баатыр түрк атанып
Аркы атабыз Чыңгышкан
Кытайга качып биз бардык
Залымга кылган кылмыштан
Он жетинчи жылында
Никулай тактан жылбышкан
Сабетскей жашасын
Өкүмөткө тырмышкан.
Бул ырларды (467 сап) аалым К. Карасаев “Ысмайыл Сарыбай уулунун ырларынын жыйынтыгы, Каракол окуругу, Кеңсу эли, Бугу ” деген дарек маалыматтар менен 1926-жылы кол жазмалар фондусуна өткөзгөн. Үзүндү 130 саптан турган “Алашка” деген ырынан алынды. Ыр саптарын окуган окурман алгач анын Токтогул Сатылгановдун “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду” деген белгилүү ыры менен окшоштугуна кызыгат:
Түпкү атабыз кыргыздан,
Запкыны көрдүк турмуштан.
Айтканда сөзүм жапжарык,
Асманда күйгөн жылдыздан.
Он жетинчи жылында
Николай тактан жылбышкан
Кеңешти куруп Ленин
Кедейге устун тургузган.
Бул ырдын кимден, качан жазылып алынганы белгисиз жана ырдалган жылы да такталбаган. Биринчи жолу 1940-жылы 22-январда “Ленинчил жаш” газетасына жарыяланган жана ошондон бери акындын жыйнактарында жарык көрүп келет. Муну менен биз жазгыч акын Ысмайылдын чыгармасынын негизинде кайра иштелип чыкканбы деген ойду айткыбыз келди. Жазгыч акын кыргыздын байыркы тарыхын, түрк доорун, Чынгызканды, “Үркүндү” жазып, анан он жетинчи жылды айтышы - тарыхый булактардагы байыркы түрк доорундагы улуу кыргыз дөөлөтү, Чынгызкандын аскерлеринин алдынкы сабында жүргөн кыргыз жоокерлери туурасындагы аныкталган маалыматтар менен да туура келет. Ал эми, аталган ырдын кийинки түрүндө кыргыздар түпкү ата-тегинен бери кордукта жүргөндүгү ырдалып, анан революциянын сөз болушу, советтик мезгилдеги бурмаланган тарых менен дал келет. Анан калса, Токтогулду төкмө акын эмес, даана демократ, накта революционер кылып көрсөтүү үчүн анын айрым чыгармаларына “оңдоп-түзөтүүлөр” киргизилгендиги жөнүндө маалыматтар бир канча жолу жарыяланбадыбы. Токтогул дегенде, ар бирибиздин эсибизге Арзымат, Алымкан, Керимбайлардын элестери тартыла тургандай окутулуп, эч бир өзгөрбөчүдөй болбоду беле. Көрсө, айтылчу сөздөр дагы алдыда окшоп калды. Аны ырастап, оюбузду коштогон, эчак жарыяланган маалыматтар, пикирлер бар. Акындар поэзиясы боюнча адис окумуштуу Б. Кебекова: “Бирок, Совет бийлиги мезгилинде чыгармачыл өнөрканасына “оңдоо” киргизүү, анын таптык сезимин ашыра курчутуу, атеисттик көз карашын арттыруу сыяктуу тенденция орун алгандыгын айрым фактылар ачык далилдеп турат. Алсак, Кетмен-Төбө өрөөнүндө, же башка аймакта дегеле Арзымат аттуу ырчы жашабаптыр. Бул анын көркөм кыялдын туундусу катарында Токтогулдун чыгармачылыгына киргендигинин күбөсү ”,-дейт.
М. Убукеев төкмөнүн шакирти Корголдун айтканын далил кылып, Токтогул менен Алымкандын ашыктыгы жөн гана бир чыгарылган нерсе экендигин айтат: “Биздин окуганыбыз бактысыз сүйүү жөнүндөгү учуртма. Тагыраак айтканда, өткөн мезгилдин социалдык нугунда кайталанган ашмалтай уламыш. Бул Токтогулдун өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдегендердин оюнан чыгарылган нерсеси .” Чынында “Алымкандын” жаралгандагы обонунун жоктугу да (кийин Б. Эгинчиев тарабынан жаратылган) бул ойго кошулууга түртөт. 2004-жылдын башында “Заман” газетасы жарыялаган А. Капаровдун “Токтогул, Керимбай жана Жоомарт” деген макаласында акындын Сибирге айдалышы менен Керимбай болуштун эч кандай байланышы жок экендигине далилдерди келтирет. Ушундай эле А. Кайбылдаев: “Кептин ачыгы - таптык тар “саясатчылыктын” сенек үгүт-насаатчылыктын кесепетинен чындык бурмаланып, “жасап түзөөгө” кириптер кылынып, натыйжада Токтогул темасы реалдуулуктан алыстап калгандыгын ” айтып, сөз болуп жаткан темага толуктоолорду киргизген. Муну менен биз Т. Сатылгановдун төкмө акын, комузчу, дастанчы катарындагы бийик касиеттерине шек келтиргибиз келбейт.
Мезгилинде бирин каралоого, бирин даңазалоого далбас уруп, ошондон пайда көргөн, жок нерсени бар кылып, барды көрмөксөн болгон учурлар да өткөн. Мунун кээри Ысмайыл Сарыбай уулунун көзү өткөндөн кийин да чыгармаларын кыйгап өткөн эмес. Бул жөнүндө К. Карасаевдин мына бул пикирин окусак ого бетер түшүнүктүү болчудай. “1931-жылы Тил, адабият илим изилдөө институтунун жиберүүсү боюнча Каралаев манасчыны алып келүүгө барганымда, Ысмайылдын жердеши Бартакун молдодон бир чоң дептер казалды алып келип институтка тапшырган элем. Ошол казалдын кайда экенин биле албадым. Бир кезде 1949-1950- жылдары ошол кол жазманы бир топ ниети жаман адамдар бирөөлөрдү согуу үчүн материал кылып алып жүргөнү эсимде. Кандай кылганда да ошол адамдар аны билет. Эгер академиянын фондусунда жок болсо, ошолордун биринде. Ал адамдардын ким экенин жакшы билем. Бул жерде ал ыпылас адамдардын аттарын атап, эмгекти булгоонун кажети жок. Алардын ким экендигин, кандай кыянаттар иштеди – башка эмгекте жазамын.”
Демек, советтик идеологиянын алкагына “туура” келбеген чыгармачыл адамдардын мурастары чогултулбаган. Жыйналганы жогорудагыдай абалдарды башынан кечирип бизге жетти. Ысмайыл өзү топтоп жүргөн казалдардын эмне болгондугу туурасында: “Үркүндө казалдарды сандыгы менен катып кетиптир, кийин аны Мукай Элебаев таап окуп акындыкка шыктанган экен. Же болбосо, ал сандыкка Сарыбайдын алтыны кошо көмүлүптүр, сан жылкыны анын үстүнөн ары, кайра бери айдап өткөндө үстү жер айдагандай казылат, кийин аны өздөрү адашып таппай калышат” сыяктуу сөздөр жергиликтүү элдин ичинде аңыз болуп айтылып, чын- бышыгы такталбай келет. Жакынкы эле жылдарда К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун филология факультетинин студенти Курманалиева Элнура фольклордук практика учурунда жазгыч акындын жердештери Жуса молдо, Чормонов Дүйшө, Курманалиев Казакбай аксакалдардан жазып алган:

Тасма жери тастайып,
Талаа калды кайран жер.
Бугуну тууду маралдан,
Муңканбаган кайран эл,
Муңданып көчтү Аралдан.
Текени тууду маралдан,
Теңсинбеген кайран эл,
Теңселип көчтү Аралдан.

Тешик жармак тыйыны,
Эсебинин кыйыны.
Эсебин эптеп билербиз,
Эшегин кантип минербиз, - өңдүү бир нече ырлар акындын мурастары эл ичинде дагы эле оозеки жашап келе жаткандыгын айгинелейт. Андыктан Ысмайыл Сарыбай уулунун мурда топтолгон мурастарын оозеки таралып жүргөн ырлары менен толуктап жыйнак кылып чыгаруу муктаждыгы бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

1. Кол жазмалар фонду. Инв №258
2. Токтогул. Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы. II том, Фрунзе, Адабият, 1989, 75-б.
3. Кыргызстан, энциклопедия. Б., 2001, 428-429-б.б.
4. Убыкеев М. Акындын улуулугу. Фрунзе шамы, 1990, 19.09.
5. Кайбылдаев А. Токтогул темасында толгонуу. Ала Тоо, 1991, № 2, 125-б.