САРЫЖОН КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 6–5-кылым жашаган сак урууларына таандык мүрзөлөр. Кетментөбө өрөөнүндөгү Балачычкан суусунун сол өйүзүндөгү бийик тектирчеде. Жети чоң дөбөдөн турат; ар биринин диаметри 23–25 метр, бийиктиги 3–7 метр. Бул мүрзөлөрдөн карапа идиштер, шуру-мончоктор, алтын жалатылган буюмдар табылган. Акак таш чөгөрүлүп, айбанат стилинде жасалган эки шумкардын бедизи сак урууларынын сүрөт өнөрүнөн кабар берет.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.