Сарычат мөңгүлөрүТескей Алатоонун түн. капталындагы Сарычат суусунун алабында жайгашкан 2 мөңгү.

Чыгыш Сарычат мөңгүсү – асылма өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,9 км, аянты 6,9 км2, абляция облусунун аянты 2,7 км2. Башы деңиз деңг. 4700 м, этеги 3600 м бийиктикте. Кар чегинин бийикт. 4300 м. Мөңгүнүн башы жазы татаал циркте, анын түштүккө караган арткы капталында фирн жокко эсе. «Тилинин» калыңдыгы 75–80 м, бетинде тереңдиги 3–4 м келгеноёңдор көп. Жаңы жээк мореналары мөңгүнүн этегинен 350–400 м төмөн карай созулуп жатышы, анын тартылып бараткандыгын айгинелейт. Мөңгүдөн агып чыккан өзөн Сарычатка оң тараптан куят. Жогорку Сарычат мөңгүсү – татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,6 км, аянты 7,2 км2, абляция облусунун аянты 2,9 км2. Башы деңиз деңг. 4400 м, этеги 3700 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Мөңгүдөн Үчкөлдүн бир курамы -Сарычат суусу башталат.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2